Коргоо кордоого алмашкан жагдайлар

Бүгүн кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнү Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Бүгүн кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнү

Бүгүн кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнү. Бул күндү утурлай Кыргызстанда да ар кандай жыйын талкуулар болуп өттү. Адистер турмуштук кыйноо, зордук-зомбулуктан тышкары чектелген жайларда да адамдар кыйноого кабылаарын белгилеп жүрүшөт. Айрымдар абакта же убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылып жатканын айтса, жаза аткаруу кызматы аларга колдон келишинче шарттарды түзүп жатканын жүйө келтирет.

2016-жылы кошунам менен уруша кеткенден кийин милициянын ур-токомогуна кабылдым деген Самат Баялиев 2016-жылы эле бул боюнча кылмыш иши козголсо да эч кандай жыйынтык болбой жатканын Би-Би-Сиге айтып берди. Анын айтымында, окуя Таластын Кара-Буура районунда болгон. Ал өзүн кыйнаган милиция кызматкерлеринин шылдыңына кабылып эле тим болбой, ыңгайы келгенде дагы бир шылтоо менен кармашабы деп кооптонгонун жашырбайт. Анын айткандарына караганда, эки кесиптеши менен түнү бою ур-токомкко алган аймактык тескөөчү эртен менен келип, "сиз бул жакта эмне кылып жүрөсүз" деп таң калгандай түр көрсөткөн.

Сүрөттүн автордук укугу courtesyphoto
Image caption Эч кимге деле жашыруун эмес, кандайдыр бир бети ачылбай жаткан кылмыш иштери болсо окшоштуруп ошол адамдарга илип койгонго аракет кылышат",- дейт Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов

Кыргызстанда кыйноолорго каршы мамлекттик жана ар кандай коомдук уюмдар да иш алып барып келет. Алардын бири Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор. Аталган борборго 2014-жылы алтымыштан ашуун арыз келип түшсө, 2015-жылы 160 чамалуу арыз катталган. Өткөн жылы мындай арыздардын саны 209 га жеткен. Анын жарымына жакыны түздөн-түз кыйноо ишине байланышкан. Ал тургай соңку эки жылы дал ошол арыздардын негизинде жыйырмага жакын кылмыш иши козголгон. Аталган борбор бул жаатында абал жакшы деп айтууга али эрте деп эсептейт .

"Кээ бир расмий статистикаларда кыйнолордун саны азайгандыгы көрсөтүлүүдө. Бирок бул толук маалымат эмес да. Кыйноого кабылгандар өзүнүн, жакындарыны коопсуздугун ойлоп, бул тууралуу билдире беришпейт. Көбүнчө кимдер кыйноого кабылып атканы да белгилүү. Мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жаза мөонөтүн өтөп чыккан адамдар кыйын абалда калышат. Эч кимге деле жашыруун эмес, кандайдыр бир бети ачылбай жаткан кылмыш иштери болсо окшоштуруп ошол адамдарга илип койгонго аракет кылышат",- дейт Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов

Сүрөттүн автордук укугу AFP getty
Image caption Адам укугун коргогон уюмдар да укук коргоо органдары тарабынан адамдар кыйноого кабылган учуралар кездешээрин айтып келишет

Адам укугун коргогон уюмдар да укук коргоо органдары тарабынан адамдар кыйноого кабылган учуралар кездешээрин айтып келишет. Алар ар кандай окуу, түшүндүрүү иштерин атайын мекемелердин өкүлдөрүнө да жүргүзүү зарылдыгын бир нече жолу айткан жайы бар. Укук коргоочулар да жогоруда айтылгандай эле бети ачылбай же изи сууп бараткан кылмыштардын бетин ачууда милиция жашкы көрсөткүч үчүн ар кандай мыйзамдан тыш аракеттерге барат деп белгилешет. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы айтылгандар менен макул эмес.

"Бул багытта жылдан жылга абал жакшырып бара жатат. Мисалы байкоого ала турган атайын видео камераларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Мурда жок кызматтар ачылды. Аларды кыйноого эч кандай негиз жок. Себеби бизге сөт өкүмү чыккандан кийин келишет да. Аларды өкмөт коомго зыяны жок адам катары тарбиялап чыгуу тапшырмасын бизге берип аткан соң биз аны жакшы түшүнөбүз. Кокус андай жайларда адам бир жакка чыга турган болсо чыгып бара жатканда анын денесинде эч кандай кыйноо белгилери жоктугун текшерип, кайра ал жактан кабыл алып жатканда да ошондой эле комиссиядан өткөрүлөт. Кыйного кабылдым деп арыз жазгандарды текшере келгенде бизге чейин тергөө учурунда башынан өткөндүгү аныкталып жүрөт",- дейт Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын өкүлү Эленора Сабатарова.

Кыйноо демекчи, адистердин же мындай ишке аралашкан адамдардын айтымында кыйноо фактыларын далилдөө оңойго турбайт. Ошентсе да жыл башында коомчулуктун көңүлүн бурган иш кызуу талкууланган. Анда сот төрт милиция кызматкерин кыйноо фактысына күнөөлүү деп таап, төртөөнү тең жети жылга эркинен ажыраткан.

"Бул ишке үч жылдан ашык убакыт коротуп, убара тартым. 2013-жылдын декабрь айында 47-колониянын жетекчи орун басарына белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болуп, ошондон бир ай өткөн соң биздин балдарды шектүү катары кармашкан. Убактылуу жайга аларды которгондо кызматкерлерге атайын тапшырма берилип, кандай болгон күндө да моюндарына алдыруу аракети жасалган. Балдарды аябай кыйноого алышкан. Ошого карабай балдар моюндарына алган эмес. Биз аларды кыйнап жатканын билип, барбаган жерибиз калган жок. Чуркап жүрүп иш козготуп, далидеп атып төрт кызматкерди жети жылга каматтык",- дейт Исмаил Токобаев.

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Кыргызстан эл аралык бир нече документтерге кол коюп мүчө болгон. Демократиялык принциптерди сактоо боюнча Кыргызстанда коңшу мамлекеттерге караганда абал кыйла жакшы экени расмий билдирүүлөрдө такай айтылып келет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар