Парламенттик башкаруу жүзөгө аштыбы?

2010-жылы 27-июнда Кыргызстанда парламенттик башкарууну караган жаңы Баш мыйзам кабыл алынган. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption 2010-жылы 27-июнда Кыргызстанда парламенттик башкарууну караган жаңы Баш мыйзам кабыл алынган.

Мындан туура жети жыл мурун Кыргызстанда парламенттик башкарууну караган жаңы Баш мыйзам кабыл алынган. 2010-жылы 27-июнда өткөн референдумдун жыйынтыгы боюнча экс-президент Роза Отунбаева өткөөл мезгил президенти макамын алган. Ал кезде максат кылынган парламенттик башкаруу системасын орнотуу жүзөгө аштыбы? Соңку Конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык мамлекетти башкаруу формасы канчалык өзгөрдү?

Бийлик монополиясына каршы чара

''2005-жылдагы революциядан кийин деле кайрадан эле авторитардык режим орногонуна байланыштуу 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин биз башкаруу системасын өзгөртөлү дедик. Президенттик-парламенттиктен толук парламенттик башкарууга өтөлү деп максат койдук. Ошентип Убактылуу өкмөт парламенттик башкарууга өтөбүз деп конституциялык долбоор даярдаган'',- деп эскерет Жоогазын жана Апрель ыңкылаптарынын активдүү катышуучуларынын бири, Убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандагы 2010-жылдын 27-июнунда өткөн референдум Ошто орун алган улут аралык кандуу жаңжалдан элдин деми сууй элек мезгилге туш келди.

Күч менен келген деп айтылган ал кездеги Убактылуу өкмөткө дүйнөлүк коомчулук сын көз менен карап, ал эми Кыргызстандын ичинде айрым саясий күчтөр тааныбай турган кез эле.

Бирок ошого карабастан референдумда добуш бергендердин 90,79 пайызы жаңы Конституцияны колдоп, Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнү жарыяланган.

Де-юре - парламенттик, де-факто – президенттик өлкө

''Парламенттик башкаруу системасын жарыялап коюу жана аны реалдуу ишке ашыруу эки башка нерсе. Конституция боюнча де-юре биз парламенттик республика деп аталабыз. Бирок де-факто чечимдерди кабыл алуу чордону президенттин аппараты болуп жатканын көрүп жатабыз. Башкача айтканда, анда коюлган максаттар ишке ашпады'',- деди парламенттин мурунку төрагасы, тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов.

Пикиринде Кыргызстанда учурда жарым-жартылай президенттик башкаруу системасы өкүм сүрүүдө.

''Президент бийлик сересинде дагы деле башкы фигура тейден калууда, ал эми Жогорку Кеңеш президенттик аппараттан түшкөн жетекчилик көрсөтмөлөрдү (директиваларды) аткаруу менен иш алып барууда'',- деп кошумчалады Зайнидин Курманов.

Жогорку Кеңештин каруу-күчү канчалык?

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай саясий илимдердеги парламенттик барометр ыкмасына салып караганда Жогорку Кеңеш азыркы турушунда Чыгыш Европа жана Монголия парламенттеринен алда канча чабал экенин айтат.

''Мыйзам чыгаруу бийлигинин ыйгарым укуктарынын индекси деген критерий менен алып караганда биздин парламенттик күчү 53% эле болуп калды. Илимге таянып айта турган болсо бул парламент дагы деле алсыз тейден калып атат дегенди билдирет'',- деди эксперт.

Салыштыруу ирээтинде белгилесек, Чыгыш Европада: Чехия Республикасы, Словакия, Словения, Хорватия, Румынияда бул индекс орточо 72-76%ды түзөт.

Ал эми Монголиянын парламентинин күчү 82%га жетет.

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Сейтек Качкынбай: Парламент дагы деле алсыз тейден калууда.

''Бул өлкөлөрдө демократия орногон, аларга салыштырмалуу бизде Конституция менен парламенттик башкаруу формасы өзгөрдү деп дээрлик айта албайбыз'',- дейт Сейтек Качкынбай.

Ал калыпка салып караган парламенттик барометр ыкмасы АКШлык саясат талдоочу Стивен Фишке таандык.

Барган сайын алсыз тарткан парламент

2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда аны 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу жобо киргени менен, алты жылдан кийин ал кезектеги толуктоо-өзгөртүүлөргө дуушар болду.

Серепчилер 2016-жылы референдумда кабыл алынган Баш мыйзам Жогорку Кеңеш күчүн мурдагыдан да алсыратты дешет.

Соңку Конституциялык реформа Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ортосунда дааналанып калган ажырымды андан да кеңейтти. Өзгөчө бул маселе боюнча Атамбаев-Текебаев тиреши күчөдү.

Конституциянын ''атасы'' атыккан Өмүрбек Текебаев былтыр август айында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгып жатканын деп түшүндүргөн эле.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Соңку Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси Атамбаев-Текебаев тирешин күчөттү.

''Анткени ал өзгөрүүлөр кыскача айтканда бийликтин барын бир адамдын, партиянын бир ууч адамдарынын колуна салып берип, аны коомдун жана парламенттин көзөмөлүнөн чыгарып коюп жатат. Мурун бул президент жана анын айлана-чөйрөсү болсо, эми премьер-министр жана анын айлана чөйрөсү болуп калат. Бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу менен биз кайра 2010-жылдардагы өзүбүз качкан кырдаалга кайра барып калабыз'',- деген эле былтыр 'Ата-Мекен' фрациясынын лидери.

Конституциядагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейип, Жогорку Кеңештин позициясы, тескерисинче, алсызданды.

Жаңы Конституциядагы маанилүү беш берене

Премьер-министр парламентке таасир этүүчү күчтүү рычагдарга ээ болуп калды. Мисалы: Жогорку Кеңеш депутаттары демилгелеп жаткан мыйзам долбоорлору чыгымды талап кылса, анда алар демилгелерин алгач өкмөт башчы менен макулдашышы шарт, акыркысы каалаган убакта ал долбоорлорго бөгөт кою укугуна ээ.

Өкмөт жана парламент ортосунда конфликт чыга турган болсо, күч премьер-министр тарапка өттү. Эгер буга чейин өкмөт башчы Жогорку Кеңешке ишеним көрсөтпөө укугунан бир жылда бир гана жолу колдонууга мүмкүн болсо, эми каалаганча пайдалануу укугу берилди.

Ошондой эле премьер-министр бир эле убакта өкмөт башчы жана Жогорку Кеңеш депутаты болуп, пленардык жыйындарда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алды.

Баш мыйзамдагы соңку өзгөртүүлөрдүн эң маанилүүлү беш беренеси булар 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери. Бирок алар азыркы президент Атамбаевдин мөөнөтү бүткөндө, 2017-жылдын 1-декабрынан баштап иштей баштайт.

Серепчилер жаңы беренелердин ишке кириши менен Кыргызстандын саясий айдыңында олуттуу өзгөрүүлөр орун аларын каңкуулашууда.