Августта талапкерлер мамлекеттик тилден сынак беришет

Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атаган
Image caption Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атаган

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер август айында мамлекеттик тилден сынак беришет деп билдирди. Кыргыз тилин билүү деңгээлин Билим берүү министрлигинин алдындагы “Кыргызтест” текшермекчи.

Бүгүн жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова президенттикке талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди, аны БШК кабыл алды. Мамлекет башчысы болом деп Боршайкомдон каттоодон өткөн талапкерлердин ичинде Карасартова жалгыз аял.

Учурда президенттик жарышка аттануу үчүн беш талапкер каттоодон өттү. Абакта кармалып жаткан депутат Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынан директору Арстанбек Абдылдаев, укук коргоочу Рита Карасартова өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз берди. Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевди болсо “Ак шумкар” партиясы өлкө башчылыкка талапкер кылып көрсөттү.

Буга чейин президенттикке барарын "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов билдирген. Ошондой эле Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана коопсуздук боюнча эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков шайлоого катышуу ниетин айткан. Мурунку Жогорку Кеңеш спикери, оппозиячыл саясатчы Акматбек Келдибеков да президенттик шайлоого барганы жатат.

Бүгүн болсо "Өнүгүү-Прогресс" партиясы өзүнүн лидери Бакыт Төрөбаевди расмий түрдө көрсөттү. Ал ортодо президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атап, эми талапкер көрсөтүү боюнча Социал-демократтар курултайы июлдун башында өтөрү күтүлүүдө.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.