Орусия төбөлдөрү бийлик талапкерин сынаганы келдиби?

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Сүрөттүн автордук укугу Meduza
Image caption Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Бишкекке расмий иш сапары менен келди.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Ага удаа эле кийинки аптада Кыргызстанга Орусиянын Федерация жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенконун да келиши күтүлүүдө. Серепчилер орус бийлик төбөлдөрүнүн кош сапарларын келе жаткан президенттик шайлоого байланыштырышууда.

Кремлдин көмүскөдөгү башкаруучусу келди

28-июнда Мамдумасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди.

Володин бүгүн Жогорку Кеӊеш спикери Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеӊири чөйрөдө жолугушту. Жолугушуулар адатынча эле өтүп, эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

Бирок серепчилер Володиндин Кыргызстанга болгон иш-сапарынын чыныгы максаты башкада дешүүдө.

''Москва үчүн келечектеги президент катары кимге ориентир кылып, кимге салыштырмалуу, бирок даана колдоо көрсөтүү керек чечим кабыл алуу мезгили келди. Азырынча президент Атамбаевдин талапкери делген учурдагы премьер-министрди колдоо боюнча бир чечимге келише элек болсо керек. Андыктан Володин жеринде бийлик талапкеринин жон терисин байкаганы келгендей'', - деди Борбор Азия боюнча россиялык эксперт , саясат талдоочу Аркадий Дубнов.

Володин Орусиянын бийлик сересиндеги таасирдүү фигуралардын бири. Айрым талдоочулар Володин кийинки жылы Орусияда өтө турган президенттик шайлоодо негизги талапкерлерден болоорун да болгоолоп жүрүшөт.

Сүрөттүн автордук укугу RFI
Image caption Аркадий Дубнов: Володин жеринде бийлик талапкеринин жон терисин байкаганы келгендей.

Володин 2011-жылдын 27-декабрь айынан 2016-жылдын сентябрына чейин кремлдик администрациянын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп, кадрдык маселелерди чечип келген адам катары таанымал.

Аны ал тургай Орусиянын ички саясатынын башкы идеологу деп да жүрүшөт.

Былтыр Путин көрсөтмөсү менен Вячеслав Володин Мамдуманын спикерлигине дайындалган.

Бул кызматта Володин мурунку төрагалардан айырмаланып өзүнө маанилүү жана көбүрөөк функцияларды алып жатканын орусиялык эксперттер белгилеп келишет.

Орусияга күнкарама кыргыз саясаты

Кыргызстан өзүн эгемен өлкө катары жарыялагандан бери 25 жылдан ашса да, сырткы саясатта Орусияяга артыкчылык берип, ага таянып, маанилүү чечимдер кабыл алаарда анын алдынан өтүүнү адат кылган.

Бул жолку президенттик шайлоо алдында да кийинки президент болчу талапкерлер Орусия ''кароосунан'' өтөт шекилдүү.

Кыргызстанды Орусия менен СССР ширеген бир тарых, маданият бириктирет.

Бирок ошондой эле Кыргызстан толук Орусия таасиринен чыгуу үчүн, ачык айтылбаган, бирок тобокелчиликтер да бар.

''Орусиянын агрессивдүү тышкы саясаты бар. Жакында эле болгон окуяларды карасак, Грузия өз алдынча иш кыла баштаганда Орусия коркутуп 2008-жылы согуш кылды. Андан кийин Украина өз кызыкчылыгында саясат кыла баштады эле, жыйынтыгы Донецк-Луганск конфликтиси башталды. Ушинтип саботаж кылып, Россия күч менен таасирин кармап калганга аракет кылып атат'',- деди Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдеринин магистри Даниэль Кадырбеков.

Image caption Кадырбеков: Кыргыз саясаты Россияга күн карама

Пикиринде кыргыз бийлигинин бир эсе ошол себептүү да чечкиндүүлүгү жок, Россияга күнкарама болууда.

Матвиенконун Володинге удаалаш сапары

Володинден кийин эле Кыргызстанга Орусиянын Федерация жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенконун сапары күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Матвиенко 3-6-июлда көл жээгинде өтө турган ''Шериктештик балдары'' аттуу эл аралык маданий-билим берүү форумуна катышат.

Ошондой эле ал кыргыз парламентинин спикери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушат.

Матвиенко президент Атамбаевдин кабылдоосунда болоору тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Бирок бир жума аралыгындагы Орусиянын эки бийлик төбөлүнүн удаалаш сапары туш келүүбү же жөн жерден эмеспи суроо жаратпай койбойт.