УКМК: Кармалган төрт киши тең террористтик уюмга мүчө

Улуттук коопсуздук кызматы жарыялаган кармалгандардын сүрөтү. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Улуттук коопсуздук кызматы жарыялаган кармалгандардын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук комитети чек аралаш аймактарда террордук аракеттерди ишке ашырууга даярданып жаткан төрт жаранды кармады. Колго түшкөндөр эл аралык террористтик уюмга мүчө болуп, башка өлкөлөргө чектеш аймактарда бир катар жардырууларды пландап жатканы жазылат УКМК тараткан маалыматта.

“Кыргызстандын атайын кызматы контр террористтик иш-чаралардын алкагында КРнын төрт жараны мүчө болгон эл аралык террористтик уюмдун атайын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Алар коомдук-саясий абалды дестабилдештирүү максатында террордук иштерди уюштурууну пландап жаткан. Бул факты боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин тийиштүү беренелери боюнча кылмыш ишин козголду”, - деди Би-Би-Сиге атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов.

Улуттук коопсуздук комитети кошумчалагандай колго түшкөн төрт жарандын жанынан колдо жасалган жардыргычтар, ок атуучу куралдар чыккан. Курал-жарактар алынып, төрт жаран дароо атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

Теракт жасоого даярдык көргөн деп жыл башынан бери онго жакын адам кармалды. Алардын эң соңкусу өткөн айда катталып, анда да эл аралык террордук уюмдун өкүлү Кыргызстанда террордук акт жасоону көздөгөнү айтылган. Ал Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени да анык болгон.