Түркия адам маймылдан (мечин) жаралган деген маалыматты китептен алды
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Түркия адам маймылдан (мечин) жаралган деген маалыматты китептен алды

Саналуу күн мурун Түрк бийлиги “карама-каршылыктуу” “түшүнүүгө өтө татаал” деген жүйө менен Чарльз Дарвиндин теориясын 9-класстын окуу китебинен алып салды.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган мектеп программасын өзгөртүү боюнча бул сунушту колдогон. Эрдоган буга чейин бир нече ирет кудайга ишенген, ыймандуу муунду тарбиялоо максаты экенин айтканы бар. Түрк өкмөтүнүн чечими социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты. Анын эпкинин Кыргызстанда да байкоого болот. Социалдык тармактарда бул маселе бир топтордун көңүлүн буруп турган чак. Кабарчыбыз Абдыбек Казиев “Сереп” изилдөө институтунун жетекчиси Искендер Ормон уулу менен Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин илимий кызматкери Тынчтык Дүйшөнкуловду чакырып ушул теманы талкуулады.