Өкмөт мамлекеттик ишканалар маселесин чече алабы?

Болсунбек Казаков менчик ишкана жөнүндө толук маалыматтар жок болуп келгенин айтат Сүрөттүн автордук укугу gov.kg
Image caption Болсунбек Казаков менчик ишкана жөнүндө толук маалыматтар жок болуп келгенин айтат

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик мүлктөрдү ушул жылдын аягына чейин инвентаризациялап бүтүрөбүз деп маалымдады. Атайын түзүлгөн жумушчу топ миңге жакын иштебей турган мамлекеттик ишканаларды аныктап, аларды менчиктештирүү, жокко чыгаруу жана кайра түзүү жолу менен кыскартууну пландоодо. Бирок бул иштердин арты менен айрым мүлктөр бийликтеги жеке тараптардын колуна өтүп кетпейби деп шектенгендер да бар.

Кагаз жүзүндө гана бар деп айтылып келген жүздөгөн мамлекеттик ишканалар жоюлуп, бириктирилип, кайра түзүлгөнү жатат. Алардын саны 26га чейин кыскартылышы мүмкүн. Бул план жөнүндө кабар айтып чыккан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун өзү дагы мамлекеттик менчик ишкана жөнүндө толук маалыматтар жок болуп келгенин айтат:

“Быйыл мартта түзүлгөн жумушчу топ учурда мамлекеттик мүлктү кеңири масштабда инвентаризациялоону жүргүзүүдө. Бул процесс 1-декабрда аягына чыгат. Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоонун жыйынтыгы боюнча бир катар ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизүү зарыл жана “керексиз” мамлекеттик мүлктөрдү жокко чыгаруу боюнча иштер улантылат”.

Казаковдун айтымында, мамлекеттик ишканалардын көп чыгашалуу болуп жатышынын себеби - ашыкча штаттык орундар жана натыйжасыз башкаруу. Алардын натыйжалуулугун көтөрүү үчүн башкаруу системасын реформалоо концепциясы иштелип жатканын расмийлер айтууда.

Бирок кыскартуунун, бириктирүүнүн арты менен айрым мүлктөр бийликтеги жеке адамдардын колуна өтүп кетпейби деп шектенгендер да бар.

“Жеке менчикке берүү идея катары жакшы, анткени алар мамлекетке караганда бир топ эффективдүү менчик ээси. Алар жакшы башкаруу шартын түзүшөт. Негизги маселе идеяда эмес, аны кантип ишке ашыруу процедурасында жатат. Ошондой иштердин арты менен мүлктөр жашыруун түрдө мамлекеттик кызматчыларга, бийликтегилердин жакындарына, депутат, өкмөт мүчөлөрүнө берилип кеткен учурлар көп болот”,-деди саясатчы Равшан Жээнбеков.

Өкмөттүн мындай пландары көңүл жылытаарлык болгону менен, соңку төрт жылда мамлекеттик ишканалардын кирешеси үч эcеге кыскарган. 2012-жылдан бери мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси эки миллиард эки жүз миллион сомдон 820 миллион сомго чейин азайган.

Экономика тармагындагы адистердин айтымында, учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун базасында турган эки жүзгө жакын мамлекеттик ишкананын төрттөн бири гана кирешелүү деп эсептелет.