Кыргызстанды тооруган террордук коркунучтар

Жакынкы Чыгыштагы террордук топтордун катарында согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Сүрөттүн автордук укугу Credit: HAIDAR HAMDANI / Stringer
Image caption Жакынкы Чыгыштагы террордук топтордун катарында согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат.

УКМК контртеррористтик иш-чараларын күчөттү. Соңку бир ай ичинде эле Кыргызстан аймагында террордук акт даярдоого камынып жаткан беш киши кармалды. Ал арада былтыр Кытай элчилигинде болгон жардыруу үчүн айыпталып жаткандарга биринчи инстанциядагы катаал сот өкүмү чыкты.

Өздөн чыккан жат

Террордук акт жасоону пландап кармалгандардын баары кыргыз жарандары болууда.

УКМК 28-июнда Кыргызстандын башка өлкөлөр менен чектеш аймактарында террордук актыларды уюштурууну максат кылган эл аралык террордук уюмдун төрт мүчөсү кармалганын жарыялады. Шектүү 21, 28, 31, 34 жаштардагы төрт адам кыргыз жарандары экени такталды.

Кармалгандар колго жасалган жардыргыч зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен чек арага жанаша аймактарда бир катар террордук аракеттерди ишке ашырууну даярдап жатышкан делүүдө.

“Бул факт боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жаза кодекcинин тийиштүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар тергөө камагында, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деди атайы кызматтын басма сөз кызматкери Рахат Сулайманов.

Улуттук коопсуздук комитети буга чейин 6-июнда өлкө аймагында террордук акт уюштурууга камданып жаткан кыргыз жаранын кармаган эле. Шектүү мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген.

Ал сырттан буйрук күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камданып жатканын УКМК билдирет.

Сирияга агылгандар көбөйүүдө

Расмий маалымат боюнча, Жакынкы Чыгыштагы террордук топтордун катарында согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат.

Бирок эл аралык уюмдардын эсептөөсүндө соңку жылда бул статистика кескин өстү.

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Чынара Эсенгул: “ИМ”деги Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген согушкерлер саны 2 миң 600 адам.

“Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык анти-террористтик борборунун маалыматы боюнча 2016-жылдын башында “Ислам мамлекети” уюмунда Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген согушкерлер саны 2 миң 600 адам делет. Кыргызстандан баргандар саны 860 делип жатат. Алардын 180дейи аялдар”,- деген саясат талдоочу Чынара Эсенгул буга чейинки экстремизм жана терроризм боюнча өткөн иш-чарада.

Айтымында ШКУ эсептөөсүндө Сирия, Ирак өлкөлөрүндө согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргыз жарандарынын 77,5%ы Кыргызстандын түштүк облустарынын тургундары.

Борбор Азия террорчулар бутасында

УКМКнын мурдагы жетекчи орун басары, отставкадагы генерал-майор Марат Иманкулов соңку окуялардан улам өлкөдө террористтик чабуулдар коркунучу реалдуу экенин айтат.

''Ушундай террористтик чабуулдар болуу коркунучу бар экенин ушул акыркы маалыматтар тастыктап турбайбы. Негизинен биздин чөлкөмдө кырдаал күчөп баратканын көрүп атабыз. Жакынкы Чыгышта террорчулар чегинип, үйлөрүнө кайта баштады, кайтпагандары Ооганстанды көздөй жылып, өлкөнүн түндүк тарабынан топтоло башташты. Алар ал жакка эмнеге топтолуп аткандыгын, каякка күчүн жумшаганы атат аңдоо үчүн аналитик болуунун деле кереги жок. Алар Борбор Азия өлкөлөрүн көздөй жылышы шектүү болуп турат'',- деди Марат Иманкулов.

23-июнда БУУда баяндама жасаган КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук борборунун жетекчиси Андрей Новиков Сирия, Ирактагы согуштук аракеттерге катышкан Борбор Азия жарандары экстремисттик ячейкалар уюштуруп, аларды күчтөө милдети менен мекендерине кайтарылып жатканын белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу Regnum
Image caption Андрей Новиков: Сирия, Ирактагы согуштук аракеттерге катышкан борбор азиялыктар мекениндерине экстремисттик ячейкалар уюштуруу үчүн кайтарылууда.

Новиков июнь айына карата КМШ аймагында терррористтик жана экстремисттик кылмыштар үчүн айыпталып издөөдө жүргөн жарандар саны 7 миңге чукул экенин да кошумчалады.

Бул адамдардын 2 миңдейи согуштук аракеттерге түздөн түз катышып келген жарандар.

Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот өкүмү чыкты

Кыргызстанды дүрбөлөңгө салган соңку террордук окуя былтыр 30-августта Кытай элчилигинин алдында болгон. Элчилик алдында жанкечти өзүн өзү жардырып, анда дип өкүлчүлүктүн үч кызматкери жараат алган эле.

27-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имаратындагы жардырууну каржылоого тиешеси бар деп айыпталып жаткан үч адамга өкүмүн чыгарды.

Хикматилло Абдулажанов 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка, Күназим Мансирова 10 жылга аялдар түрмөсүнө жана Хасамидин Исмаилов 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

УКМК элчилик алдындагы жардырууга буюртма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөнү, курамына уйгурлар кирген “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталганын билдирүүдө.