Маевский соттон чыгып, журналисттерге маалымат берүүдө

Маевский соттук отурумдан чыгып, "АКИpress" маалымат агенттигинде пресс-конференция өткөрдү
Image caption Маевский соттук отурумдан чыгып, "АКИpress" маалымат агенттигинде пресс-конференция өткөрдү

Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясыныны лидери, камактагы депутат Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланышкан сот жараяны өттү. Анда негизги күбө катары орусиялык Леонид Маевский көрсөтмө берип, ал Текебаев жана Чотоновго Модин аркылуу акча бергенин, Текебаев аны коркутуп, алдап кеткенин айтты. Бирок Текебаев бул дооматтарды четке какты.

Орусиялык ишкер Леонид Маевский Текебаев жана Чотонов менен кантип таанышканын сотто билдирди. Анын айтымында, ал "Мегакомдун" активдерине кызыгып, бул тууралуу өзүнүн "он жети жылдан берки жакшы таанышы" Алексей Модин менен сүйлөшкөнүн, ал аркылуу Текебаев жана Чотоновго жолукканын айтып берди:

"2010-жылы Текебаевдин иш бөлмөсүндө жолугуп, көпкө чейин сүйлөшкөнбүз, алар "Мегакомдун" иштеринде жардам берүүгө сөз беришкен. Текебаев рынокко кирүү үчүн акча төлөй аласыңбы деп сураган", -деди Маевский.

Ошондой эле ал Модин аркылуу Текебаев жана Чотоновго 300 миң доллар бергенин, аны Текебаевдер алганын билдирди. Бирок Өмүрбек Текебаев айтылган дооматтарды четке кагып, эч ким 2010-жылы "Мегакомдун" акцияларын сатпаганын айтууда.

Маевский соттук отурумдан чыгып, "АКИpress" маалымат агенттигинде пресс-конференция өткөрүп, Текебаев жана "Мегакомго" байланышкан маселелер боюнча журналисттерге маалымат берди.

Ал ортодо Текебаевдин соттогу ишенимдүү өкүлү Канат Азиз болсо күбөлөрдүн көрсөтмөлөр ар түрдүү болуп жатат, деп жергиликтүү маалымат агенттиктерине билдирүүдө.

Бүгүнкү соттук отурумда Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары Маевскийди катуу сүйлөбөсүн, күбө катары гана суроолорго жооп берсин деген нааразылыгын айтышты. Соттук иштин жүрүшүндө кайым айтышуулар болду.

Кече Текебаевге каршы орусиялык ишкер Алексей Модин көрсөтмө берген. Андан тышкары парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов дагы күбө катары көрсөтмө берүүгө сотко чакырылган болчу.

Текебаев “Мегаком” компаниясы боюнча ири суммадагы пара алууга айыпталууда, партиялашы Чотонов да ушул боюнча кармалган. Алар өздөрүнө коюлуп жаткан айыптоолорду саясий куугунтук катары эсептейт. Башкы прокуратура болсо соттук иш тиешелүү далилдерге негизделип өтүп жатканын билдирип келет. (ErA)