Шайлоо алдындагы "ажырашуулар" жана биригүүлөр

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрьга белгиленген. Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрьга белгиленген.

Жогорку Кеңеш спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого баруу ниетин ачыктап, мүмкүн өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жылдырыларын айтты. Ал арада президенттикке ыктымал талапкерлердин бири, мурунку экс-вице-премьер-министр Элмира Ибраимова Темир Сариевди талапкерлигин колдоп, анын шайлоо штабын жетектемей болду. Шайлоого 3,5 ай калганда саясатта биригүүлөр жана жеке амбициялардан “ажырашуулар” башталдыбы?

Турсунбековдун КСДПга таарынычы жок

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун президенттик шайлоого барар-барбасы бүгүнкү күнгө чейин бүдөмүк болуп келген.

Турсунбеков социал-демократтар партиясына анын талапкерлигин КСДП атынан жылдырылбаганы үчүн таарынычы жок экендигин айтты.

“Ким ыза болуп жатат, азырынча белгисиз, менби же башкаларбы. Менин таарынычым жок. Мен андайларлардан эмесмин”,- деди Жогорку Кеңеш төрагасы 30-июнда.

Президенттикке талапкер көрсөтүүдө КСДП ичинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен парламент спикери Чыныбай Турсунбеков талапкерлиги туруп, 17-майда биринчисине артыкчылык берилген.

Партиянын саясий кеңеши Жээнбековдун талапкерлигин бекиткенден кийин деле Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков кош талапкер катары чыгышы мүмкүн деген сөздөр айтылган. Турсунбеков өзү деле журналисттерге маек берип жатып бул маалыматтарды четке да какпай, тастыктаган да эмес.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого барат.

Ошентсе да 3-июнда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген, президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов социал-демократтардан бир гана талапкер болот деген эле.

24-июнда Атамбаев Орусияга болгон сапарынын алкагында Татарстанда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атады.

Президент ал тургай КСДП курултайда анын талапкеригин колдойт деп толук ишенерин да белгилеген.

Ошентсе да саясат талдоочу Марс Сариев азырынча бийлик талапкери ким болот суроосу ачык деген пикирде.

“КСДПда шахматтагыдай пат кырдаалы түзүлүп калды. Бул кырдаалдан кандай технология менен чыкса болот? Эки кандидаттын салмагы бирдей болгондо системадан тыш бир компромистүү фигура чыгышы керек”,- деди эксперт.

Анын баамында, 15-июлда өтө турган КСДП курултайында Жээнбеков менен Турсунбековдун тышкары такыр башка талапкер жылдырылышы мүмкүн.

Сариев жана Ибраимова тандеми

Бийликчил партия бирдиктүү талапкер маселесинде баш катырып жаткан чакта, “Ак Шумкар” партиясынын лидери, мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин шайлоо штабын Элмира Ибраимова жетектери белгилүү болду.

Экс-вице-премьер-министр, Эсеп палатасынын мурунку төрайымы буга чейин өзү дагы президенттикке талапкерлигин коет деген сөздөр айтылган. Бирок Ибраимова өзү Би-Би-Сиге шайлоого барбай тургандыгын айткан эле.

Серепчилер Элмира Ибраимованын колдоосу менен президенттикке талапкер Темир Сариевдин позициясы алда канча күчтөнөрүн айтышууда. Мындан тышкары, Россия талапкерлердин ичинен Сариевге “артыкчылык” берип жатканын каңкуулашууда.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин шайлоо штабын Элмира Ибраимова жетектеди.

''Бийликтеги партия азыркы түзүлгөн кырдаалдан чыкпаса, башка талапкерлер ута баштайт. Мисалы, Россия кеңешти деген вариант бар. Мүмкүн Сариевде шанс бар, азыр айтыш кыйын'',- деди саясат талдоочу Марс Сариев.

Шайлоого 3,5 ай калганда саясий чөйрөдө жандануу байкалат. Соңку бир жумада ондон ашык саясатчы президент болуу ниетин билдирип, БШКга документтерин тапшырды.