ИИМ: жергиликтүү кеңештин депутаты экстремизмге шектелүүдө

Ирак менен Сириянын бир топ аймагын басып алган өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган күчтөрдүн катарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ондогон, жүздөгөн жарандары бар экенин эксперттер айтышууда Сүрөттүн автордук укугу afp
Image caption Ирак менен Сириянын бир топ аймагын басып алган өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган күчтөрдүн катарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ондогон, жүздөгөн жарандары бар экенин эксперттер айтышууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жергиликтүү кеңештин депутатынан экстремисттик маанайдагы материалдар табылып, бул иш учурда Ички иштер министрлиги тарабынан иликтенип жатат. Шектелген адам "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна тиешелүү болушу мүмкүн деп айтылууда.

Ички иштер министрлиги апта соңунда маалымат таратып, анда Базар-Коргон районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна тиешелүү материалдарды алып жүргөнү айтылат.

Министрликтин онунчу башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул киши жашаган жерди мыйзамдуу тинтүүгө алганы кабарланды. Андан соң шектүүнү убактылуу кармоочу жайга алып келишкенин ИИМ басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев айтууда:

“Окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 299–2-беренеси (экстремисттик жана террорчулук уюмдардын материалдарын алып жүрүү, сатуу, даярдоо, жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда”.

ИИМ өкүлү белгилегендей, өлкөдөгү диний кырдаалды эске алып, укук коргоо кызматкерлери тарабынан байма-бай рейддер, текшерүүлөр уюштурулуп жатат. (ErA)