Парламент эс алууга чыкты, жыл жыйынтыгы кандай?

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы 1-сентябрда кайрадан уланат. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы 1-сентябрда кайрадан уланат.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын он айга созулган экинчи сессиясы жыйынтыкталды. Бул убакыт аралыгында Конституциялык реформа маселесиндеги тирештен улам парламентте көпчүлүк коалиция жыдып, ордуна жаңысы түптөлүп, жыйынтыгында жаңы өкмөт куралды. 10го жакын маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Аткаруу бийлигинин былтыркы жыл үчүн отчету канаттандыраарлык деп табылды.

Саясаттын чордону

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 30-июнда парламенттин VI чакырылыштагы курамдын экинчи сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Акыркы пленардык жыйынды жаап жатып парламент спикери кыргыз парламенти экинчи сессиянын жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алып, көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн, алардын чечилишине өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

“Мамлекет башчыбыз дайыма айтып келген бир сөз бар: саясий маселелердин баары Жогорку Кеңеште талкууланышы керек. Эгерде ал көчөгө чыгып кетсе, ал өлкөдө тынчтык болбойт. Ошондуктан кеңеш бул саясаттын чордону”,- деди парламент спикери Чыныбай Турсунбеков экинчи сессиядагы депуттардан ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып жатып.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Турсунбеков Жогорку Кеңеш экинчи сессиянын жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алганын белгиледи.

Ага ылайык сентябрдан тарта быйылкы 1-июнга чейин парламент баш-аягы 186 мыйзам кабыл алып, 21и четке кагылган. Мындан сырткары депутаттар 757 токтом кабыл алды.

Конституциялык реформа көп чырдын башы

Соңку 11-декабрда өткөн Конституциялык реформа парламенттеги көпчүлүк коалицияга жик салды.

"Башмыйзамды өзгөртүү маселесинде орток пикир жоктугуна байланыштуу" деп КСДП фракциясы биримдиктен чыкты.

Ошентип 24-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП, ''Кыргызстан'', ''Өнүгүү-Прогресс'' жана ''Ата-Мекенден'' турган көпчүлүк ыдырап, ордуна 3-ноябрда КСДП, ''Кыргызстан'' жана ''Бир Болдон'' турган жаңы көпчүлүк коалиция түзүлдү.

“Ата Мекен” жана Өнүгүү-Прогресс фракциялары оппозицияга өтүштү.

Бирок “Ата Мекен” ага чейин эле де-факто оппозицияда болуп келгени белгилүү.

Былтыр 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышында парламенттеги оппозициялык фракция лидери, учурда камактагы Өмүрбек Текебаев деген эле.

“Парламенттин деңгээли мынчалык төмөн түшкөн эмес. Эч бир президенттин, өкмөттүн аппарат кызматкерлери бизди чакырып көрсөтмө бергендей болбош керек. Тескересинче, ушул трибунага коюп алып алардын отчетун угушубуз керек. Ушул жерден баа беришибиз керек”,- деген “Ата Мекен” фракциясынын лидери.

Текебаев коррупцияга шектелип февралда кармалып, учурда үстүнөн сот жараяндары жүрүүдө.

“Ушак чыгаруучу жай”

Быйыл 27-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2016 жыл үчүн отчетун канаттандырарлык деп тапты.

Мындан тышкары “Мегаком”, Бакиевдердин мүлкү, Дача-СУ аймагында кулаган учактагы жүктү иликтөө өңдүү 10 чакты депутаттык комиссия түзүлдү. Ал комиссиялардын айрымдарынын бүтүмү чыкса, кээ бирлериники бүдөмүк калууда.

Парламенттик комиссиялар ишине президенттин берген сыны да бар.

“Мына Жогорку Кеңеште эки-үч айдан бери ызы-чуу токтобойт. Комиссия артынан комиссия түзүлөт, ызы-чуу токтобойт. Ураган "Боингде" Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон, Атамбаевдин Кипрде акчасы бар, Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон деген ушактар парламенттин трибунасынан сүйлөнүп жатат. Мен деле депутат болгом. Болгондо да Айтматов менен, Усубалиев менен, Масалиев менен, Бекмамат Осмоновдор менен чогуу депутат болгом. Биздин парламент мындай ыпластыкка барчу эмес, Ачык айтайын, Жогорку Кеңеш барган сайын мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып бара жатат”,- деген президент Атамбаев 6-мартта.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев Жогорку Кеңеш барган сайын мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып бара жатат деген.

Быйыл жазында Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде парламент өзүн өзү таратсын деп Жогорку Кенештин өзүндө чыгып жактан сөздөрдү колдой тургандыгын билдирген эле.

Жогорку Кеңештин ишмердиги натыйжалуу болдубу?

Серепчилер Жогорку Кеңеш бул сессияда катардагы маселелер боюнча мыйзам чыгаруу, өкмөттү көзөмөлдөө функцияларына басым жасап, бирок мамлекет үчун олуттуу нерселерде чечкиндүүлүк көрсөтө албай аткандыгын айтышууда.

“Мейли 500-100 документ кабыл алсын, бирок натыйжасы болбосо эмне? Кеп анда эмес экен да. Кеп ошол нерселер канчалык мамлекеттүүлүктү бекемдейт? Андай нерсе сезилген жок да. Мына “Кумтөр” маселеси ошол бойдон калды. Эң негизги чон нерселерге көз жумп атат”,- деди саясат талдоочу Бердибек Жумабаев.

Регламент боюнча депутаттар эми бир ай аймактарда шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болот.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы 1-сентябрда кайрадан уланат.