“Республика-Ата-Журттун" ынтымагы суудубу?

Кыргызстанда президенттик шайлоого акыркы эсеп боюнча 11 талапкер катталды. Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоого акыркы эсеп боюнча 11 талапкер катталды.

Депутат Өмүрбек Бабанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкерлигин койду. Бишкекте ишембиде өткөн курултайга саясатчылар, коомдук ишмерлер жана партиялаштары болуп, баш-аягы миңге чукул адам чогулду.

Буга чейин депутаттын тандемдеши Камчыбек Ташиев менен мамилеси начар экени айтылып, андыктан ал партиянын атынан эмес, президентикке талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүүгө аргасыз экени айтылган.

Бабанов партия атынан чыккан жок

Бул эң оболу депутат эмне үчүн партиянын атынан көрсөтүлгөн жок деген суроо кызуу талкууга жем таштады. Ал турсун бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары “Республика-Ата-Журт” партиясы ыдырап, жоюлганы калды деген жоромолдорду жазууга чейин жетти.

Би-Би-Си бул маалыматтардын чын-төгүнүн билүү үчүн аталган партиядан депутат Максат Сабировго кайрылды:

""Республика-Ата-Журт" 2015-жылкы шайлоого биригип келгенбиз. Анда эки киши тең төрага болуп шайланган. Учурда бул партиянын атынан ЖКга беш жылга шайланган депутаттар бар, жергиликтүү кеңештерге төрт жылга шайланган депутаттар бар. Бул мөөнөттөр бүткөнгө чейин, балким андан кийин дагы бул партия жашай берет. Ташиев партиядан кеткен күндө дагы экинчи тең төрага ордунда калды да. Партия жоюлду деген кептер түшүнбөстүктөн болуп жатат”.

Ал арада “Республика-Ата-Журттун” айрым депутаттары Бабановдун талапкерлиги партиянын атынан колдоого алынганы боюнча эч кабары жок экенин айтып, тең төрага Камчыбек Ташиевдин да маалыматы жок болгонун билдирип чыгышты.

Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев айрым маалымат каражаттарына бүгүн берген маегинде, Бабановдун талапкерлиги партиянын саясий кеңеши тарабынан колдоого алына элек деп билдирди:

"Мен Республика-Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешиндемин. Жаңылана турган болсо съезд гана токтотот же чыгара алат. Саясий кеңеш колдоду дептир, мен андай чечимди көргөн да жокмун. Ташиев дагы көрбөптүр".

Камчыбек Ташиев шайлоого ким менен барат?

Мурдагы "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабанов мындан үч жыл мурда парламенттик шайлоого биригип барышкан. Кийин президенттик шайлоого карата өлкөдөгү оппозициялык күчтөр бириге баштаганда, Ташиев Келдибеков жана Мадумаров менен да үчилтик түзүп, тандем курганын жар салышкан.

Бирок буга чейин бир катар маалымат каражаттары тандемдин ич ара мамилеси сууганын жазып чыгышкан. Үч саясатчынын ынтымагы бир жылга жеткен жок.

Андан көп узабай Келдибеков президенттикке талапкер болуу дымагын билдирсе, өткөн аптада сүйлөшүүлөрдөн кийин "Бүтүн Кыргызстандын" атынан Адахан Мадумаров чыгарын анын жардамчысы Би-Би-Сиге билдирди.

Image caption "Республика-Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев.

“Өткөн аптада тар чөйрөдө сүйлөшүү болуп, Мадумаровдун талапкерлигин коюу чечими чыккан. Июль айынын ондорунан кийин съезд өткөрүп, расмий аттанат деп жатабыз”, -деди Би-Би-Сиге Медер Ысманалиев.

Мындай учурда үчилтикте жалгыз калган дагы бир саясатчы Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги тууралуу азырынча эч кандай пикирлер айтылбай жатат.

Бирок буга чейин Камчыбек Ташиев "Ак шумкар" партиясынын съездинде сөз сүйлөп, "Кыргызстанга баарынын башын бириктирген президент керек" деп кыйыткан.

Бул билдирүү саясатчылар жана шайлоочуларды бүдөмүк ойлорго кептегени менен, адистер мунун тамырын Ташиев жердешчилик факторуна таянып, "Ак шумкардын" лидерине добуш алып бериши мүмкүндүгү менен байланыштырууда.

“Ташиевдин шансы анча көп эмес, анткени түндүк жактан көп добуш чогулта албайт. Эгер барса Сариевге электоратты топтоп бергенге аракет кылышы мүмкүн. Аны колдоп чыкпады беле, президентикке татыктуу деп. Учурда Ташиевден “Республиканын” имиджине таасирин тийгизген сөздөр болуп жатат. Шайлоо алдында ушундай оюндар болот да. Бабановду каралоо үчүн күчтөр да топтолуп жатат, ошону үчүн ар кандай билдирүүлөр чыгып жатат”, -деди саясий серепчи Марс Сариев.

Баса, буга чейин КСДП партиясынын атынан премьер-министр Сооранбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүнө карабастан, өткөн аптада төрага Чыныбай Турсунбеков да шайлоого барып калышы мүмкүн экенин ишарат кылган эле.

Ошентип президенттик шайлоо алдында бийликчил болобу, оппозициячыл болобу саясий күчтөр арасында биригүү да, ажырашуу да бат болууда. Муну айрым эксперттер саясаттагы кадыресе көрүнүш катары бааласа, башкалары туруктуу позициянын жоктугун далилдейт дешет.

Кыргызстанда президенттик шайлоого бүгүнкү күнү 11 талапкер катталды. Анын экөөсү аял. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.