Студент кыздын чуулгандуу өлүмү иликтенип бүтө элек

Камила Дүйшөбаеванын чулгандуу өлүмүн иликтөө үч жылдан ашык убакытка созулду. Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Камила Дүйшөбаеванын чулгандуу өлүмүн иликтөө үч жылдан ашык убакытка созулду.

Аида Салянованын туугандары бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, мурунку Баш прокурорго карата саясий куугунтук күч алганын белгилешти. Бир күн мурун ИИМ Аида Салянованын аталаш тууганы Калыйбек Элтуйбасов студент кыз Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөгө тоскоолдук кылган деп издөөгө алынганын жарыялаган.

Бүгүн маалымат жыйынында Салянованын жакындары Эльтуйбасов эч жакка качпаганын, бирок былтыр декабрдан бери чет өлкөдө экенин билдиришти.

Дүйшөбаеванын өлүмү куугунтук үчүн куралбы?

Студент кыздын өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип жаткан 55 жаштагы Калыйбек Элтуйбасовдун агасы Калыбек Салянов бул ишти Аида Саляновага байланыштырып, мурунку Баш прокурорду каралоо аракети жүрүп жатат деген оюн айтты.

“Карындашым жумуштан кеткенден баштап каралоо кампаниясы жүрүп, ага ар кандай иштер козголуп атат. Белизгейт болду, анан Елисеевгейт...Өлкө бүт көрүп-билип турат карындашымдын тазалыгын, чындыгын...Президент өзү айткан “биздин келечектеги президент” деп. Иштетти, жакпай калды, кетирди. Жөн эле кетип калды. Эми аны каралабаса, жамандык кылбаса. Канча издеди эчтеке чыккан жок. Аягында инимди алып чыкты”,- деди Калыбек Салянов.

Ал 2014-жылы мартта киши колдуу болуп каза тапкан Камила Дүйшөбаева тууралуу маалыматтар дээрлик сегиз ай эч кимге кызык туудурбаганын, кийин ноябрда Аида Саляновага карата каралоо кампаниясы башталганда гана ММКда чыга баштаганын айтты.

Ошондой эле, маалымат жыйынында Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир катар суроо туудурчу жагдайлар белгиленди. Мисалы, студент кыз Элтуйбасов менен жолуккан соң үйүнө келип түнөгөн. Эртеси үйүнөн чыгып кетип, алты күн өтүп кыздын сөөгү табылган, ушул алты күн ичинде кимдер менен жолукканына көңүл бурулбай жатат.

ИИМ Элтуйбасовго издөө салды

3-июлда ИИМ Элтуйбасов Кыргызстандан чыгып кетти деп, ага издөө жарыяланганы тууралуу маалымат таратты. Бирок айыпталуучунун туугандары анын өлкөдөн чыгууга чектөөсү болбогонун, муну тастыктаган ИИМдин аныктамасы бар экенин айтып жатышат.

Бүгүнкү маалымат жыйынында Элтуйбасов декабрдан бери Кыргызстанда жок экени ачыкталды.

Тергөөдө жаңы ачылган жагдайларга ылайык Элтуйбасов маркум кыздын өлүмүнө байланышы болушу мүмкүн саунадагы видеону өчүрүп салган деп айыпталууда.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Аида Салянова 2015-жылы январда Баш прокурор кызматынан чегинген.

Бул себептүү ага Кылмыш кодексинин тергөөгө каршылык көрсөтүү беренелери боюнча сыртынан айып тагылды.

2014-жылы 10-мартта үйүнөн чыгып кетип, алты күндөн өз шарфы менен муунтулуп өлтүрүлгөн студент кыздын чулгандуу өлүмүн иликтөө үч жылдан ашык убакытка созулду.

Андан бери үч Ички иштер министри алмашса дагы, бул кылмыш иши тергелип бүтө элек.

Президенттин сүймөнчүгүнөн саясий атаандаштыкка

Жактоочу Улан Жумаков Элтуйбасовго байланыштуу иш жанданганын мурунку Баш прокурорго чабуулдар күчөп жаткандыгы менен байланыштырат.

“Аида Саляновага каршы массивдик чабуулдар уюштурулуп жатат. Ал чабуулга бардык күч органдары тартылды. Баш прокуратурадан тарта, ИИМ, УКМКдан бери бул багытта иштеп жатышат. Соттор дагы тартылды, ал түгүл Салянова демилгелеген мыйзамдарды кабыл алуу тоскоолдуктарга учуроодо”,- деди жактоочу Улан Жумаков.

Аида Салянова 2015-жылы январда Баш прокурор кызматынан чегинген. Февраль айында жыйын чакырып, президенттен колдоо сезбей калгандыктан отставкага кетүү чечимине келгенин айткан.

“Прокурорлор үчүн саясий колдоо, анын ичинде президенттин өзүнүн колдоосу абдан маанилүү нерсе. Ишти эффективдүү алып барыш үчүн ушундай колдоо керек. Бир убакта мен ошондой колдоону, ошондой мамилени сезбей калдым. Андай колдоо болбогондон кийин коррупция менен күрөшүүнү жөн эле иммитация кылуунун кажети жок”,- деген эле 2015-жылы февралда Аида Салянова.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев былтыр 1-декабрда мурунку Баш прокурор Аида Саляновага ишеничи акталбаганын айткан.

Ал 2011-жылы Баш прокурор болуп дайындалган. Чоң кызматтагы адамдардан тайманбай кылмыш иштерин козгогондугу менен коомчулуктун оозуна алынган.

Жалпылап айтканда 12 депутатка, 4 министрге, 10 судьяга жана бир катар губернатор, аким жана мэрлерге коррупциялык иштер боюнча жана кызматынан кыянат пайдаланды деген негизде иштер козгогон.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр 1-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында, Салянованын күйөөсү коррупциялык иштерге аралашканы тууралуу маалымат келип түшкөнүн, мурунку Баш прокурорго ишеничи акталбаганын айткан.