Текебаевдин соту: "Мегаком" башчысы көрсөтмө берди

Өмүрбек Текебаев Биринчи май райондук сотунда
Image caption Өмүрбек Текебаев Биринчи май райондук сотунда

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда камактагы депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Соттук териштирүүгө “Мегакомдун” директору Азат Базаркулов күбө катары чакырылды.

“Мегаком” мамлекетке караштуу ишкана. Анын жүз пайыз акциясы өкмөттүн алдындагы мүлк фондуна тиешелүү. Менин “Ата Мекен” фракциясына жана анын лидери Текебаевге эч кандай тиешем жок. “Мегакомдун” айланасындагы ушундай маселелер аталган компаниядан инвесторлорду алыстатып жатат”.

Өткөн аптадагы соттук териштирүүлөрдө орусиялык ишкер Леонид Маевский, Алексей Модин, аны менен катар мурдагы депутат Өмүрбек Абдырахмановдор көрсөтмө беришкен. Маевскийден жетиштүү деңгээлде сурак алынбай калды деп, аны бүгүнкү сотко кайрадан келүүсүн судьядан өтүнүшкөн эле. Бирок Маевский кийинки соттук отурумга катыша албастыгын айткан.

Текебаев “Мегаком” компаниясы боюнча ири суммадагы пара алууга айыпталууда, партиялашы Чотонов да ушул боюнча кармалган. Алар өздөрүнө коюлуп жаткан айыптоолорду саясий куугунтук катары эсептейт.

Текебаев жана Чотоновдун сотунан тышкары “Ата Мекендин” убактылуу лидери Алманбет Шыкмаматовдун соту дагы бүгүнкүгө белгиленип, анда күбөлөр сурак берет деп күтүлгөн. Бирок адвокат келбей калганына байланыштуу соттук иш кийинкиге калтырылды.

Алманбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсеп палатасында иштеп турган учурда, ал жердеги кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, "автоунаа үчүн өткөрүлгөн жасалма тендерге аралашкан" деп шектелип, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. “Ата Мекен" партиясы бул иштерди саясий куугунтук деп айтууда.