Мадумаров: Шайлоодо акча маанилүү эмес, элге таянам

Адахан Мадумаров:
Image caption Адахан Мадумаров:

"Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын лидери, белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров президенттик шайлоо жарышына катыша турганын жарыя кылды. Анын талапкерлиги 11-июлда Бишкекте өтө турган партиянын курултайында көрсөтүлөт деп күтүлүүдө.

Буга чейин шайлоодо Мадумаров башка саясатчыларды колдоп чыгат деген ар кандай такталбаган маалыматтар айтылып жаткан эле. Мадумаров Би-Би-Сиге берген маегинде бул айтылгандарды жокко чыгарып, президенттик жарышка өзү бара турганын ырастады.

Адахан Мадумаров: Мага "талапкерлигиңизди коюшуңуз керек" деген сунуштар, каалоо-тилектер абдан көп жолдонду. Интернет аркылуу кайрылгандар да көп болду. Бирок айтып коюу оңой, арада жоопкерчиликсиз сөздөр да көп айтылып кетип жатат. Айрыкча соңку кездерде "Сиз аягына чейин барышыңыз керек" деген сөз менен кайрылган, жаман көрүнүштөр күчөп кетти. Аягы каерде, качан болот? Мен түшүнүп турам, бирок биз: Кантип? Кимге? Эмне үчүн? деген суроого жооп беришибиз керек да. Талапкермин деп эле чыга калганга чоң деле акылдын кереги жок. Талапкер болсоң, анда кимдин талапкерисиң? Сени ким колдойт жана кимге таянасың? Мына ушул суроолорго жооп берүү зарыл. Ошондуктан бул суроолорго келгенде мен шашылбайм, байкаштырам деп жооп бергем.

Талапкер жалгыз күрөшпөйт, аны менен кошо коом дагы күрөшөт. Бүгүнкү күндө биздин коом талапкерден эмне күтөт? Оюн-зоок, той-тамаша, акча күтөбү же акыл-эсти, ойду, жол көрсөткөндү күтөбү? Жараткан коомго жараша падыша берет деген сөз бар. Эгер коомго кара курсакты, күнүмдүк керектөөнү эле толтурган утурумдук азгырыктар керек болуп турган болсо, анда шайлоого баруу максатсыз. Себеби, арам акча таратып, өзүңдү дагы, элиңди дагы күнөөгө батыруунун кажети жок. Анын жазасы катуу, акыретте жооп бересиң. Мен муну 10-15 жылдан бери зар какшап келем.

"Жок, бизге акчасынын да, шорпосунун да кереги жок, биз эл катары эл бололу" деген коом болсо, анда барып күрөшүү керек. Бүгүнкү күндө мындай маанай биздин коомдо теңме-тең деп айтсам болот. Айталы, акча үчүн эси оогондор да бар, баарына тойдук, бизге туруктуу мамлекет керек дегендер да бар. Мына ушундай туруктуулук, өнүгүү үчүн жаны ачыгандардын таламын талашып күрөшүүгө туура келет. Мени "Шайлоого барышыңыз керек" деп кыйнап, түртүп жаткандар дагы ошолор, кайдыгер эмес жарандар.

Би-Би-Си: Буга чейин саясатчылар Келдибеков жана Ташиев менен биргеликте тандем куруп, биргелешип талапкер чыгаруу планын жар салгансыздар. Бирок Келдибеков өз алдынча шайлоого аттанып жатканынан кабардарбыз. Ошондо сиздердин тандем бузулдубу?

Адахан Мадумаров: Биз эч ким менен тандем түзгөн эмеспиз. Дайыма үч саясатчыны баса, баса белгилеп айтасыңар. Үч киши менен токтоп калган жок, ал жерде көптөгөн кишилер бар.

Би-Би-Си: Үчөөңүздөр бирге басма сөз жыйынын өткөрүп, президенттикке бирдиктүү талапкер алып чыга турганыңыздарды жарыялаган элеңиздер да, туурабы?

Адахан Мадумаров: Биринчиден, басма сөз жыйынына тогуз киши чыкпайт да, үчөө чыгат. Экинчиден, биз ошол жерде эле түшүнүктүү кылып, арабызда кээ бир инсандар азыр жүздөрүн көрсөткүсү келбегенин айтканбыз. Мен ошол жерде туруп арабызда азыркы бийликте иштеп тургандар бар экенин айткам. Бирок ар кандай себептерден улам жүздөрүн көрсөткүсү келбейт дегем. Эмне үчүн бул жагын түшүнгүңөр келбейт?(!) Эмнеге ушуга басым жасабайсыңар?(!) Себеби анын силерге кызыгы жок.

Би-Би-Си: Эми алдыдагы шайлоо жөнүндө кепти уласак, буга чейин дагы президенттик жарышка чыгып, утулуп калгансыз. Бул жолу шансыңыз канчалык деп баалап жатасыз?

Адахан Мадумаров: Жеңүүгө көзүң жетпесе шайлоого баруунун кажети жок. Жеңем деген ишеним болбосо күрөшкө чыгуунун зарылдыгы жок.

Би-Би-Си: Бул учурда коомдун кайсы катмары сизди колдойт деп ойлойсуз?

Адахан Мадумаров: Аны шайлоо көрсөтөт.

Би-Би-Си: Соңку парламенттик шайлоого Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири Аскар Салымбеков менен барган элеңиз, бул ирет шайлоо компанияңызды ким каржылайт? Ѳзүңүздүн каражатыңыз жетиштүүбү?

Адахан Мадумаров: Мен активисттер менен жолукканымда дагы айттым, биз акча каражаты жок барабыз.

Би-Би-Си: Буга чейин шайлоо күрөөсү 100 миң сом болсо, жаңы мыйзамга ылайык ал каражат бир миллионго көтөрүлдү. Андан сырткары партиянын штабын түзүп, үгүт өнөктүгүн жүргүзүү дагы бир топ акчаны талап кылат эмеспи?

Адахан Мадумаров: Биз көптөп бир миллион сомду төлөйбүз. Бир миллион эмес, кээ бирлери 200 миллион коротуп жатпайбы. Кудайга шүгүр, Кыргызстанда кайдыгер эмес жарандар бар. Биз көмөктөшөлү, жардам берели деген азаматтар дагы көп. Алардын баарын эле кабыл алган жокмун. Идеяны колдогон, бүгүнкү башаламандыктан тажаган жарандар арбын. "Көп түкүрсө көл болот" деп чет өлкөдө убактылуу иштеп жүргөндөр арасында "Марафон өткөрүп акча жыйнайлы" деген азаматтар дагы болду. Мен эч кимдин алдында көз каранды болуп калгым келбейт.

Каражат өзүңдү мактаган макала жазуу үчүн керекпи? Же теледен мактануу үчүнбү? Мен теледен чыкпайм, мен өз сүрөттөрүмдү илбейм, мени менен жолугууга автобус жалдап, кишилерди ташыбайм, келгендерге акча бербейм. Эмнеге керек акча? Мен түшүнбөйм.

Би-Би-Си: Президенттикке баруудагы саясий платформаңыз кандай? Эмнеге басым жасайсыз?

Адахан Мадумаров: Бүгүн Кыргызстандын жетекчилигине бир гана платформа керек - тартип орнотуу. Экономиканы мен көтөрбөйм, аны ошол жаатта иштеген, тепсе темир үзгөн кыргыздын жигит-кыздары көтөрөт. Куралдуу күчтөрдү бекемдеш керек, аны мен бекемдебейм, билимдүү аскер адистери бар, алар бекемдейт. Кыргыз банк системасын калыбына келтирүү керек, ал үчүн мыкты каржы кызматында иштеген азаматтар бар. Мен эмнени жасайм? Мамлекетте каккан казыктай тартип, адилеттүүлүк орнотулат. Мамлекеттик күчү бекем болот, кадыр-баркы көтөрүлөт. Мамлекетте 120 депутат болбойт, 45 же ашып барса 60 депутат жетет. 20 министрликтин кереги жок, облустагы, райондогу акимдер менен губернаторлордун жеке керт башы менен жоопкерчилигин күчөтүү керек.

Мен айтып жаткандар силерге жомок катары көрүнөт. Кудай кааласа эртең ишке ашканда көрөсүңөр.