Ибрагимдин окуясы: адвокат сотко нааразы болууда

Доктурлар баланын денесинде аесуз уруп сабалган, атүгүл зордукталган белгилер бар деп шектенишкен
Image caption Доктурлар баланын денесинде аесуз уруп сабалган, атүгүл зордукталган белгилер бар деп шектенишкен

Бишкекте эки жарым жыл мурда катуу сабалган, зордукталган деп ооруканага түшкөн Ибрагимдин окуясы кайрадан козголуп, соттолгондорго адилетсиз чечим чыкты деп анын адвокаты айтып чыкты.

Ушул жылдын башында Аламүдүн райондук соту Ибрагимди "өлтүрүүгө аракет кылган", "зордуктаган" деп анын аталаш туугандарына абак жазасын берген эле. Мындай чечимге нааразы болгон тарап доо-арыз жазып, учурда соттук иш Чүй облустук сотунда карала баштады.

“Соттор адилетсиз чечим чыгарды. Медициналык экспертизалар кыска аралыкта чыгып, бул жерде ача пикирлерди жаратууда. Бул иш боюнча доо арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылганбыз”, -деди адвокат Бактыбек Асамудинов.

Бирок сотто Ибрагимди жактаган,“Балдардын укугун коргоо лигасынын” адвокаты Чолпон Кудайбердиева соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана башка жетиштүү далилдер бар дейт.

Image caption Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Кыргызстанда 2016-жылы балдарды зордуктоо фактысы боюнча кырктан ашуун кылмыш иши козголду

2015-жылдын январь айында атасынын бир тууганы тарабынан зордукталып, катуу сабалган деп айтылып, эки жаштагы Ибрагим эс-учун билбей ооруканага түшкөн. Ал беш айдай ооруканада жатып, дарыланып чыккан. Учурда анын абалы жакшы экенин, ал Жалал-Абадда асырап алган энеси менен жашап жатканын туугандары айтышууда. Ибрагимдин атасы болсо соттун өкүмү менен эки жылга шартуу түрдө жатак абакка кесилген болчу.

Кордолгон балдар, өз балдарын өлтүргөн ата-энелер, жаш балдарды зордуктаган окуялар 2015-жылы коомчулукта өтө көп талкуулаган тема болуп турду. Бул фактылар парламентте, өкмөттө көтөрүлүп, атүгүл президенттин да террорчулар менен бачабаздарга өлүм жазасын берүүнү колдомокмун деп айтканы бар.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Кыргызстанда 2016-жылы балдарды зордуктоо фактысы боюнча кырктан ашуун кылмыш иши козголду. Аталган мекеме бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу аз экенин, бирок кылмыштын саны зордуктоолор азайганынан эмес, тараптар өз ара келишип алып жатканына байланыштуу кыскарганын белгилейт.