У.Кочкоров: "Элдик талапкер" кыймылы кандидатын 12 талап менен электен өткөрөт

Улукбек Кочкоров
Image caption Улукбек Кочкоров

Кыргызстанда "Элдик талапкер" деп аталган коомдук-саясий кыймыл түзүлүп, алдыдагы президенттик шайлоого өз талапкерин алып чыгууну көздөп жатат.

Кыймылга бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер мүчө болуп кирген. Алардын бири мурдагы парламент депутаты Улукбек Кочкоровго кайрылып, кыймылды түзгөндөр кимдер? Элге төбөсү көрүнгөн саясатчы, коомдук ишмерлерден кимдер бар деп сурадык.

Улукбек Кочкоров: Бүгүн биз коомго чакырык таштап, каалоочулар катарыбызга кошулгула дедик. Азырынча биздин курамда бешинчи чакырылыштын ЖК депутаттардан бар.Бөдөш Мамырова, экс-омбудсмен Бакыт Аманбаев, "Багыт" саясий партиясы, профессор Бөрүбашев агабыз жана башка бир топ адамдар катарыбызда. Дагы алдыда келип кошулууга ниетин билдиргендер болуп жатат.

Би-Би-Си: Кыргызстанда ушундай шайлоо өнөктүктөрү алдында идея үчүн эмес, утурумдук кызыкчылык үчүн эле бириге калып, анан шайлоодон кийин тарап кеткен саясый уюшмалар абдан көп болду. Сиздерди эмне бириктирди?

Улукбек Кочкоров: Мен сөзүмдү алысыраактан баштасам, бүгүнкү күндө өлкөдө 200дөн ашуун партия бар, ошол эле учурда эл арасында дагы түрдүү көз караштар болуп, ынтымак жок. Саясий лидерлер дагы ар кандай партия, кыймылдарда жүрөт. Күзүндө өтө маанилүү иш-чаранын алдында турабыз, андыктан биз жаңы кыймылды уюштуруу аркылуу бирдиктүү талапкер чыгаралы деп атабыз. Менде бийлик бар же менде акча бар дегендер эмес, чыныгы элдин кызыкчылыгына иштей турган, элге бир багыт көрсөтө алган талапкер чыгаралы деп ушул демилгени көтөрдүк. Мунун ичинде бир топ саясий партиялар, кыймылдар, коомдук уюмдар бар. Баарыбыз чогулуп, ортолук критерийлерди аныктап алабыз. Ага ким жооп берет деп тандоо жүргүзөбүз.

Би-Би-Си: Сиз бул кыймылды идеялык жактан колдоп келдиңизби же өзүңүз дагы талапкер катары көрсөтүлүп калышыңыз мүмкүнбү?

Улукбек Кочкоров: Бүгүнкү күндө менде андай ниетим жок. Эгерде чыныгы элдик талапкерди тандап алсак, мен ага убактымды дагы, мал-мүлкүмдү дагы толугу менен жумшап, кызмат кылганга даярмын.

Би-Би-Си: Буга чейин сиз "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү болчусуз, андан кийин "Жаңы доорду" жетектеп келатасыз. Ал эми бул ирет "Элдик талапкерге" кошулууга кандай муктаждык болду?

Улукбек Кочкоров: Бүгүн биз татыктуу эл башчыбызды тандап албасак, мамлекет катары дагы жоголуп кетүү коркунучу бар. Ошон үчүн келечегибизди, кийинки урпактарды ойлой турган болсок ушул идеянын айланасында биригишибиз керек. Мен бул жерге партиямды өнүктүрүп же кызмат ордуна баруу ниетим жок. Муну ачык айтышым керек.

Би-Би-Си: Ошол талапкер болчу кишинин ысымы белгилүүбү?

Улукбек Кочкоров: Мен муну так айта албайм. Азыр ар ким ар башка сунуштарды айтып жатат. Бүгүн жыйырмага жакын талапкер болсо, арабызда ошолордун бирин жактагандар деле бар. Бирок биз жаңы түзүлгөн 12 талап аркылуу электен өткөрүшүбүз керек. Ал пункттардын ичинде: өлкө бүтүндүгүнө кыянаттык кылбаган, Каркыра, Үзөңгү-Кууштун сатылышы боюнча кандай добуш бербеген же болбосо буга чейинки шайлоолордо берген убадаларын канчалык аткарды? Ушул сыяктуу талаптарга туура келген, таза талапкерди чыгарабыз.

Би-Би-Си: Мындан башка эмне программа, платформа сунуштайсыздар?

Улукбек Кочкоров: Азыр ушунун үстүнөн иштеп жатабыз. Программабыздын акыркы токтолгон варианты болбогондуктан жарыя кыла албайм.

Би-Би-Си: Учурда талапкерлердин көбү же акчасына же белгилүү электоратына ишенип шайлоого барып жатканы белгилүү. Ал эми сиздердин кыймылдын таянычы эмне?

Улукбек Кочкоров: Биздин таянычыбыз- элдик ресурс. Акча дагы, бийлик дагы добуш алууга багытталат эмеспи. Биз идея менен элдин жүрөгүнө кирүү, ишеним алуу, башкача айтканда элдик ресурсту тартууга багытталганбыз.