«CASA-1000»: Кыргызстан экспортко жогорку чыңалуудагы чубалгы куруп баштайт

Дүйшөмбүдө «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммити. Сүрөттүн автордук укугу official

Дүйшөмбү шаарында «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммити өттү. Жыйынга Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани катышты. Мындан тышкары эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү да болду.

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан менен Тажикистан жай мезгилинде ашыкча электр энергияга ээ болот, ошол эле учурда Пакистан менен Афганистанда тескерисинче тартыштык жаралат. Ошондуктан жылдын бул мезгилинде электр энергиясын экспорттоо долбоордун бардык катышуучулары үчүн пайдалуу болмокчу.

Буга байланыштуу бир жылдан бери долбоорду ишке киргизүүнүн үстүндө даярдык иштери жүрдү. Анын ичинде электр энергиясына, курулушка чыгымдалган тарифтин баасы коюлду, жергиликтүү коомчулукту колдоо механизмдери аныкталды, негизги долбоордук макулдашууга кол коюлду.

Аталган долбоордун алкагында Кыргызстанда узундугу 450 чакырымды түзгөн 500кВТ электр өткөрүү линиясын куруу пландалууда. Курулушту 2018-жылдын январында башталат. Узундугу 125 километр болгон биринчи тилке боюнча конкурстук кайрылууларды баалоо жүргүзүлүүдө. Аны ишке ашырууга Ислам Өнүктүрүү Банкынын каражаты сунушталды.

325 километр экинчи тилке боюнча сатып алуулар процессин баштоо күтүлүүдө. Каржылоо Бүткүл Дүйнөлүк банктын жана Европа Инвестициялык банктын каражатынан жүргүзүлөт.

Ошону менен катар CASA-1000 электр өткөрүү линиясынын боюна жогорку ылдамдыктагы интернет була-оптикалык кабель коюу пландаштырылып жатат.

"Digital CASA- CASA-1000 энергетикалык долбоорунун аналогдук аталышы. Ал аймактагы өлкөлөрдү өз ара жогорку ылдамдыктагы транс чек аралык интернет каналдары менен байланыштырат. Мында биздин аймак бардык континенттер үчүн негизги транзиттик хаб боло алат", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Долбоорду ишке ашыруунун башкы жыйынтыгында Борбор Азия жашоочулары бир топ арзан жана кеңири тилкелүү интернетке жеткиликтүү боло алышат. Буга альтернативдүү байланыштарды колдонуунун эсебинен жетишүүгө болот.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков CASA-1000 жана Digital CASA (Диджитал КАСА) долбоорлорун практикалык жактан тезирээк ишке ашыруу менен катышуучу-өлкөлөр ортосунда келечекте жемиштүү кызматташтык бекемделерине ишенимин билдирди.

«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу өткөн жылы 2016-жылы башталган. Анын ачылышы аземи өткөн жылы 12-майда Турсунзаде шаарында болгон.

Жалпы баасы бир миллиард доллардан ашкан CASA-1000 долбоору боюнча Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ГЭСтерден Афганстан менен Пакистанга электр энергиясын алып баруу үчүн 1,3 чакырымдык линияларды куруу каралган. Долбоор 2020-жылга чейин аякташы керек. (КС)