К. Кожоналиев: Парламент Сирия маселесин көтөрсө президент оюнан кайтты деп билем

Сирия Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сирия

Орусиянын маалымат каражаттары кайрадан Москва КМШ өлкөлөрүнөн мониторинг үчүн Сирияга аскер жөнөтүүнү сунуштаганын жазып чыгышты.

Мындай кабар саналуу күн мурун чыккан ушул мазмундагы кабардай эле кайрадан кызуу талкуларга жем таштады. Би-Би-Си мындай мазмундагы маалыматтын саналуу күндө эле кайталанып чыгып жатышы эмнеден кабар берет деген суроо менен Кыргызстандын алгачкы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиевге кайрылды.

К. Кожоналиев: Менин билишимче президент Атамбаев бул маселе боюнча "кыргыз аскерлери Сирияга жөнөтүлбөйт" деп так кесе айткан. Шарттарына да токтолгон эле. Ал үчүн ЖККУнун бир добуштан алына турган чечими керек. Экинчиден, БУУнун резолюциясы, үчүнчүдөн, кыргыз парламентинин чечими керек. Сөзүн жыйынтыктап жатып "Мен президент болуп турганда мындай маселе болбойт" деп ачык айткан. Ошол эле убакта Коопсуздук Кеңешинин катчысы Жумакадыров да "мындай сөз ЖККУнун жыйынында айтылган. Бирок эч кандай чечим болгон эмес" деп билдирген.

Азыр интернет булактарынан Орусия Казакстанга басым кылып Александр Лаврентьев "Эгерде Астана ушундай чечим кабыл алса Москва муну колдомок" деп маалымат таратканын окудум. Талдап көрсөк бул жерде Кыргызстан жөнүндө так айтылган жок. Жалпысынан КМШ өлкөлөрүнө кайрылып жатат.

Image caption Кыргызстандын алгачкы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев

Би-Би-Си: Деэскалация терминин чечмелеп түшүндүрүп берсеңиз?

К. Кожоналиев: Бул бири-бири менен салгылашуу токтотулган жер. Бирок бул салыштырмалуу түшүнүк. Мисалы Донбасста согуш токтоду деген аймакта бири-бирин күнөөлөп жатышпайбы. Сирияда дагы дал ошондой эле көрүнүш да. Бул толук тынчтык орноду дегенди эмес, курал колдонулбайт дегенди түшүндүрөт. Ушундай аймактарда айтылган шарттар канчалык аткарылып жатканын билүүгө байкоочулар барат.

Би-Би-Си: Бул боюнча ар кандай көз караштар айтылып жатат. Мындан ары эмне болушу мүмкүн?

К. Кожоналиев: Эгерде парламент кандайдыр бир жол менен бул маселени козута турган болсо, анда президент Атамбаев өз оюн өзгөртүп башка чечимге келди деп түшүнөбүз. Эске алчу жагдай бул маселе көтөрүлгөндө эле коомчулук дароо терс пикирин билдирген. Сирияга биздин аскерлердин баруусуна эч кандай негиз жок.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар