Т. Асанбеков: президенттикке талапкер болууну мигранттар сунуштады

"Мекен Ынтымагынын" лидери Темирбек Асанбеков Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Мекен Ынтымагынын" лидери Темирбек Асанбеков

"Мекен Ынтымагынын" лидери Темирбек Асанбековду партиянын саясий кеңеши жана Орусияда миграцияда жүргөн бир катар кыргызстандык активисттер президентикке талапкер катары алып чыгары белгилүү болду.

Асанбеков жөнүндө коомчулукта ар кандай пикирлер бар. Айрымдар аны шайлоо өнөктүктөрү учурунда пайда болот деп сындаса, айрымдар аны ийгиликтүү ишкер катары да көрүшөт.

Темирбек Асанбеков Би-Би-Сиге берген маегинде, президенттик жарышка кызуу даярдык көрүп башташканын ачык айтты.

Темирбек Асанбеков: Президенттик шайлоого Конституция өзгөрүп кеткенине байланыштуу барбайм деп эле чечкен элем. Бирок партиялаштар курултай өткөрүп, мени сунуштаганы жатышат. Сыртта жүргөн кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү мени колдооруна ишенем. Алар жалгыз эле Орусияда эмес, Түркия, Араб өлкөлөрү, Казакстан жана АКШда дагы көп. Социалдык тармактар аркылуу алар менен байланыш өтө күчтүү. Алардын өлкөгө социалдык-экономикалык жактан таасири бар, жакындары менен байланышы мыкты. Демек, мигранттардын колдоосу менен өтө чоң саясий өзгөрүү болуп кетерине көзүбүз жетип турат.

Би-Би-Си: Демек, сизди партияңыз талапкер катары алып чыгат турбайбы?

Темирбек Асанбеков: Партиянын жакында өтчү курултайында менин талапкерлигимди көрсөтүшсө, анда мен ага баш ийем. Ушул айдын жыйырмаларына чейин курултай өтөт. Бир топ жылдан бери саясатта жүргөндүктөн партия мүчөлөрү же Орусиядагы мигранттар эле эмес, башка дагы тааныш кишилер, колдоочулар көбөйдү. 2011-жылы президенттик шайлоого катышып, төртүнчү орунду алгам. "Мекен Ынтымагы" деп түптөлгөн партия бир катар аймактарга ачылып, анын ичинде Орусияда да бөлүмдөрү иштейт. Учурда 2011-жылга салыштырганда бир топ таанымалбыз, багытыбыз , жигерибиз күчтүү дегендей. Бир учурда бийликке келген саясий күчтөргө элдин ишеними жогору болчу, бирок алар берген сөздөрүн аткарбагандыктан, эл дагы жаңы нерсени каалайт. Андыктан бизде потенциал абдан чоң.

Би-Би-Си: Мигранттардын кайсы бир бөлүгүнө таянып жатканыңыздар менен шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанда да. Алардын колдоосун кантип аласыз?

Темирбек Асанбеков: Орусиядагы эле эмес, Кыргызстандын аймагындагы партия мүчөлөрү, айталы Бишкекте, Ошто жана ар бир облус, райондордогу жарандардан чогулган маалыматтын негизинде курултай өткөргөнү жатабыз.

Би-Би-Си: Айрымдар сиздин саясий активдүүлүгүңүз шайлоо учурунда гана байкалат дешет. Муну менен макулсузбу?

Темирбек Асанбеков: Жок, макул эмеспиз. Шайлоодон башка учурда деле саясий-экономикалык багыттарга баа берип келе жатабыз. Ошол эле учурда мыйзам чегинде шайлоого катышып, элдин чечимине мыйзам чегинде баш ийип, шайланган бийликке иштөө үчүн убакыт берип жатабыз. Эл шайлаган бийликти жөн эле күнөөлөп, иштетпей, тоскоолдук кылуу, бул -жаңжал, дискриминация. Ошондуктан биз шайлоо болсо мыйзам чегинде катышып, жок учурда эл арасында коомдук иштерди ар дайым жүргүзүп келебиз. Андан башка Бажы биримдигине кирүү, биометрикалык мыйзамдарды кабыл алуу, чек ара боюнча дайым өз позициябызды билдирип келгенбиз.

Би-Би-Си: Буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген эмессиз. Эгер президент болуп калсаңыз эмнени өзгөртөт элеңиз?

Темирбек Асанбеков: Бул системада мамлекеттик кызматкерлер менен экономикага байланышкан маселени чечүү керек. Анктени саясатка жамынып алып, өзүнүн жеке кызыкчылыгындагы маселелерин чечип атышат. Мындайча айтканда, жеке маселе менен коомдук жумуштар аралашып кеткен. Андан сырткары, мыйзамдуулукту көзөмөлдөп, бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүү керек. Бүгүнкү башкаруу системасын кайрадан түп тамыры менен оңдоп чыгабыз.

Дагы бир жол баса белгилейм, азыр мамлекетте "жеке кызыкчылык" системасы орноп, коомдук кызыкчылык таптакыр артта калган. Анын негизинде мамлекеттик казына түптөлбөй, социалдык маселелер чечилбей турат. Негизгиси саясатчыларды экономиканын таасиринен бөлүү керек.

Эртеңки күнү бийлик бутагына барып калсак коомдун кызыкчылыгын ойлогон саясий өзгөрүү алып келүүгө умтулабыз. Улуттук экономиканын кызыкчылыгын коргоо программасын киргизип, кен байлыктарды колдонуу жана ички экономикалык кубаттуулуктарды коргойбуз.

Би-Би-Си: Ѳзүңүз билгендей кимдин тушунда болбосун Баш мыйзам өзгөртүлүп келүүдө. А сиздин оңдоо ниетиңиз жокпу?

Темирбек Асанбеков: Албетте, өткөн референдумдун негизинде президенттин укугу чектелген. Андыктан азыркы талапкерлер айтып жаткан убадаларды бул укуктун негизинде аткаруу мүмкүн эмес. Бирок алдыга койгон программасын ишке ашырам десе, акыл-эси бар адам мыйзам чегинде укук алуу багытын көздөп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек.

Би-Би-Си: Учурда Кыргызстан жарандары арасында динчил, атеист, же болбосо орусчул, жердешчил болуп бөлүнүп, айрым учурда кескин жаатташууларга чейин барган учурлар болууда. Сиз аларды бириктирүүдө, мындай көрүнүштөрдү жоюуда кандай чараларды көрмөк элеңиз?

Темирбек Асанбеков: Азыркы учурда жеке түшүнүктөрдүн, көз-караштардын негизинде гана бөлүнүп жатышат. Жалпы Кыргызстан элинин улуттук баалуулуктарынын негизинде жакшы программаны иштеп чыксак, элди тарбиялоо багытын туура жүргүзсөк, бирдиктүү мамлекет түптөлүшүнө ишенип турам.