Президенттик шайлоо – 2017

З. Курманов: Акчалуулар бийликке жулунганда, лидердин чыгышы күмөн

"Азыр олигархтардын заманы болуп калбадыбы. Фабрика-завод куруп, автомобиль же учактарды жасагандар эмес, базарда отуруп ''семичке саткан'' адамдар бийликке келип жатат",-дейт профессор Зайнидин Курманов.

Кыргыздын башчы шайлоо тарыхы

Кыргыздардын тарыхында жана улуттук салттарында шайлоо аркылуу башчы тандоонун таржымалы кандай? Сөз кезеги тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыс Молдокасымовдо.

Партия атынан эмес, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер көп

Кыргызстандагы бир дагы партия президенттик шайлоого байланыштуу өз ичинде праймериз өткөргөн жок. Ал чакта президенттикке үч гана талапкер партия атынан жылдырылды. Негизинен шайлоого талапкерлер өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанышууда. Эмне үчүн?

Президенттик шайлоодо диндин орду кандай болот?

Кыргызстандын бул жолку президенттик шайлоосунда дин чоң ролду ойнойт деп жатышат эксперттер. Анткени эки жыл мурдагы парламенттик шайлоо алдында диний баалуулуктарды жар салуу, диний лидерлерди колдонуу аракети болду.

Добуш соодалоо ооздукталабы же оожалабы?

Кыргызстанда шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Айрым эксперттер шайлоо фонддорунун көбөйтүлүшүн, ансыз да добуш сатып алуу көйгөйү курч болуп жатканда аны андан бетер оожалтпайбы деп кооптонуп жатышат.

“Республика-Ата-Журттун" ынтымагы суудубу?

Депутат Өмүрбек Бабанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкерлигин койду. Тандемдеши Камчыбек Ташиевдин азырынча шайлоого ким менен барары белгисиз.