Кандуу жолдор: кырсыкты кантип алдын алабыз?

Өлкөнүн Жол кайгуул күзөт башкармалыгы тараткан маалыматта, кырсыктардын дээрлик чоң үлүшү айдоочулардын айбынан болот экен.

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынын саны өскөнү айтылды.

Расмий маалыматтарга караганда ушул жарым жыл ичинде эле 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгы 300 кишинин өмүрүн алып, 3800дөй киши жаракат алган. Өлкөнүн Жол кайгуул күзөт башкармалыгы тараткан маалыматта, кырсыктардын дээрлик чоң үлүшү айдоочулардын айыбынан.

Өлкөдө жол кырсыктары күн сайын катталып, басма сөзгө чыккан үрөй учурган сүрөттөр менен кабарларды дээрлик күн алыс көрүүгө болот.

Бул маселе өлкөдө соңку он жылдан бери эле тынымсыз көтөрүлүп, кырсыктарды алдын алуу, азайтуу үчүн түрдүү чаралар каралып келүүдө. Бирок азырынча жыйынтыктар сезилерлик эмес. Биз өнүккөн өлкөлөрдө жол кырсыгын алдын алууга кандай чаралар көрүлөрү тууралуу мисалдар менен бөлүшө кетели.

Британия

Жол кырсыктарынан каза тапкандардын санынын төмөндүгү боюнча бул өлкө дүйнөдө башкы сапта турат. Орто эсеп менен 100 миң адамга ашып кетсе алты адамдын өлүмү тура келет. Өткөн кылымдын 70 жылдарынан тарта бул өлкөдө жол кырсыктарыны кесепети жылдан жылга төмөндөөдө.

Мындай көрсөткүчкө кандай ыкма менен жеткен?

Жол кырсыктарынын 30 пайыздан ашууну айдоочулардын бейкапар мамилесинен келип чыгары аныкталган. Кырсыктардын 16 пайызы тобокелге салып унаа айдоо же унааны олдоксон башкаруудан келип чыгат.

Мындай жыйынтыктарга таянып, рулда баратып чылым чегүүгө жана телефон менен сүйлөшүүгө тыюу салынган.

Сүрөттүн автордук укугу Tass

Ошондой эле рулда баратып тамактанууга да болбойт. Түндүк Уэльс жолунда баратып тамактанган голландиялык айдоочу сегиз аптага камакка алынган мисалдар бар.

Унаа жолдоруна көп сандаган камералар орнотулган. Бара жаткан жолдо камера орнотулагандыгы тууралуу белги да коюлган. Мындай чынчыл ыкма айдоочу ылдамдыгын төмөндөтүп же айып пул төлөп калуусун алдын алып эле эмес, кооптуу жерден эрежени так сактоого мажбурлайт. Дагы бир эске алчу жагдай Британияда бир жолку аракет менен эле айдоочулук күбөлүккө ээ болуу оңойго турбайт. Мындай күбөлүккө ээ болуу үчүн 3-4 жолу даярдык көргөндөр аз эмес.

АКШда жол коопсуздугуна канчалык көңүл бурулган

АКШда кырсыктарды каттоо федералдык кызыматынын баяндамасына караганда, жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны жылдан жылга азайып жатат. Мисалы 2008-жылы жол кырсыгынан 34 172 адам каза болгон болсо, 2009-жылы бул көрсөткүч 30 800гө кыскарган.

Эксперттердин пикири боюнча, Кошмо штаттардагы жалпы жол кырсыктарынын 60 пайызы алкоголь ичүүдөн келип чыгат. Мындай айдоочулардын курагы 16-24 жаштагылар. Ошондой эле ал өлкөдө жол кырсыктардын келип чыгышына смс кат алышуу себеп болот.

Унаа айдап баратканда чөнтөк телефонду "жардамчы кол" делген атайын жабдуу аркылуу пайдаланбаса мыйзам боюнча тыюу салынат. Ушул сыяктуу эрежелер жол боюнда эскертме катары жазылып турат. Бул эрежени сактабагандыктан жыл сайын Кошмо Штаттарда бир жарым миңге жакын адам жабыр тартат. Айдоо маданиятынын жогору дегенине карабай ачуусу чукул айдоочудлардын ортосундагы чатактар да бир топ эле кездешет.

Полиция эреже бузган айдоочулар тууралуу дароо билдирүү кабыл ала турган телефондорду да уюштурган.

Жол кырсыгына себеп болгон факторлордун дагы бири жөө жүргүнчүлөр жана өтмөктөр. Изилдөө көрсөткөндөй улгайган адамдар мындан көп жабыркашат. Ошондой эле мотоцикл айдагандар кадимки унаа башкаргандарга караганда 18 пайызга кырсыкка көбүрөөк кабылат. Жол кырсыгы боюнча изилдөөлөр абдан кылдат талдоого алынып, жыйынтыгы чыгарылаарын да кошумчалап кетүүгө болот

Мындан сырткары дагы кайсы өлкөлөр кандай чараларды кабыл алган?

Мисалы Польша Евросюзга мүчө мамлекеттер арасында жол кырсыгы көп катталган өлкөлөрдүн бири. Кырсыктын негизги себептеринин бири мас абалда айдоо, жогорку ылдамдык жана жөө жүрүүдөгү шашмалык, алаксып жүрүү саналат.

Мындай терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн 6-7 жыл мурун Польшада мас абалында унаа айдагандарды өмүр бою айдоочулук күбөлүгү эле эмес унаасынна да ажыратуу жазасы киргизилген. Бирок бул чара күткөндөй жыйынтык бербей жатканы айтылат.

Ошондой эле кайсы өлкө болбосун адистер жаш балдардын коопсуздугу үчүн унаага балдардын атайын отургучтарын орнотууну сунуш кылышат.