Орусиялык укук коргоочу бийликке эмнесинен жазды?

Пономарев Ноокат окуясына байланыштуу кармалгандар камоо, тергөө учурунда ар кандай аёсуз кыйноолорго туш болушканы тууралуу доклад жазган. Сүрөттүн автордук укугу hrw.org
Image caption Пономарев Ноокат окуясына байланыштуу кармалгандар аёсуз кыйноолорго туш болушканы тууралуу доклад жазган.

Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревду Кыргызстанга киргизбей коюунун расмий себеби ачыктала элек. Пономаревду 2009-жылы Бакиевдин тушундагы бийлик Ноокат окуясы тууралуу докладына байланыштуу беш жылга чейин өлкөгө кирүү укугунан ажыраткан. Бирок апрель ыңкылабынан кийин укук коргоочуга карата ал чектөө алынган эле.

Бул жолу Пономарев эмнесинен жазганы бүдөмүк.

''Кыргызстанга кирүүгө болбойт''

Мамлекеттик чек ара кызматынын Өткөрмө пункттар башкармалыгы Пономаревго УКМК, ИИМ сыяктуу тиешелүү органдардын көрсөтмөсүнөн кийин өлкө аймагына кирүүсүнө чек коюлганын билдирди.

'Чек ара кызматы мындай маселеде атайы компетенттүү органдардын чечимин көрсөтмөсүн аткарабыз, өзүбүз киргизбей кое албайбыз. Бардык өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанга кирүүгө атайын кызматтар тыюу сала алат',- деди Өткөрмө пункттар башкармалыгынын башчысы Мирланбек Сарлыкбек уулу.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Виталий Пономаревду кыргызстандык чек-арачылар 9-июль күнү кечки саат алтылар чамасында казак-кыргыз чек арасын кесип өтүп өтөөрдө артка кайтарышкан.

Укук коргоочунун өзүнүн айтымында ага "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" мыйзамдын 43чү жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдын 7-беренеси боюнча "Кыргызстанга кирүүгө болбойт" деген акт тапшырышкан.

Пономарев 29-июнь күнү Бишкекке учуп келип, 1-3-июль күндөрү экстремизм тууралуу Ысык-Көл жээгинде өткөн жыйынга катышкан.

Бирок анда чек араны кесип өтүүдө ал эч кандай тоскоолдукка кабылган эмес.

''Виталий ал форумдун уюштуруучуларыны бири болчу, ошондой эле талкууга модератор да болгон. 4-июль күнү Астанада өзүнүн жеке иштери бар экен, кеткен. Бул жерде мейманкада 9-11ине чейин орду бар эле, багажы да калган. Ал Кыргызстанга кайтып, Москвага Бишкектен учуп кетмек'',- деди анын кесиптеши Азиза Абдирасулова.

Экстремизм боюнча эксперт

"Мемориал" уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономаревдун Кыргызстандагы кесиптештери бул окуя анын ишмердигине байланыштуу дешүүдө.

Орусиялык укук коргоочу форумда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экстремизге каршы күрөшүүдөгү мыйзамдарды талкуулап, лингвистикалык экспертиза жаатындагы адистердин кесипкөйлүгүнө байланыштуу суроолор көтөргөнү айтылууда.

Жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстандагы терроризм жана экстремизмге каршы күрөштө адам укуктар одоно жана кара өзгөйлүк менен бузулууда дешет.

Сүрөттүн автордук укугу kloop
Image caption Абдирасулова: Пономаревго байланыштуу окуя тийиштүү органдардын экстремизм жаатында адам укуктары боюнча иш алып барбагыла деген ишаарасы

''Мечитке барып койгондорду, социалдык желелерде лайк басып койгондорду да камап атышат. Куугунтук катуу болууда. Алалы, терроризм үчүн айыпталган саясатчы Максат Кунакунов соту, тергөөсү ал камалган күндөн баштап жабык жүрүүдө. Ушулардын баары жогору факттар ачыкка чыкпасын деген аракет деп ойлоп атам'',- дейт укук оргоочу Азиза Абдирасулова.

Анын пикиринде Пономаревго байланыштуу соңку окуя тийиштүү органдардын терроризм, экстремизм жаатында адам укуктары боюнча иш алып барбагыла деген ишаарасы.

Персона нон-грата

Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев Ноокат окуясынан кийинки Кыргызстандагы диний негизде куугунтук, абактагы кыйноолор тууралуу докладдары менен белгилүү.

Эске салсак, 2008-жылы 1-октябрда Ноокат районунун борбордук аянтына Орозо айтка карата майрам уюштурууга уруксат берилбегенине жергиликтүүлөр нааразы болушуп, тополоң чыккан. Милиция менен чогулган эл кагылышып, райондук администрациянын имараты талкаланган эле.

Бул окуяга байланыштуу 32 киши камакка алынып, алды 17 жылга, арты 5 жылга эркинен ажыратылган.

Пономарев Ноокат окуясына байланыштуу кармалгандар камоо, тергөө учурунда ар кандай аёсуз кыйноолорго туш болушканы тууралуу 24 барактан турган доклад жазган.

Мындан соң кыргыз бийлиги 2009-жылы февраль айында анын өлкөгө кирүүсүнө чек коюп, ал тургай персона нон-грата деп жарыялаган.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption 2008-жылы Ноокат районунун борбордук аянтына Орозо айтка карата майрам уюштурууга уруксат берилбегенине жергиликтүүлөр нааразы болушуп, тополоң чыккан.

Кийин 2010-жылы өткөн Апрель ыңкылабынан кийин Убактылүү өкмөт тарабынан ал чечим жокко чыгарылган.

Кызыгы, укук коргоочу Виталий Пономарев 2014-жылы эки адамга саясий башпаанек берүү маселесинде Украинага сотко эксперт катары барып, өлкөгө кире албай, персона нон-грата экени белгилүү болгон.

Тектеш темалар