Тойдон шайлоого уланган насыялар

Кыргызстанда шайлоо күрөөсү бир миллионго көтөрүлгөн.
Image caption Кыргызстанда шайлоо күрөөсү бир миллионго көтөрүлгөн.

Кыргызстанда президенттик шайлоого талапкерлер активдүү каттоодон өтүп жаткан учурда дагы башка талапкерлер үйүн насыяга коюп шайлоо күрөөсүн төлөөнү пландоодо. Кыргыз коомунда насыя алып той өткөргөн учурлар талкуу жаратып келген болсо, бул жолу насыя алып шайлоого баруу интернет айдыңында ого бетер түркүн пикирлерге жем таштап берди.

Кыргызстанда өтүп жаткан бул жолку президенттик шайлоодогу күрөө мурдагыдан он эсе жогорулаганы менен талапкер болчулар санын ооздуктай алган жок. Бирок айрым талапкерлер үй-жайын күрөөгө коюп, банктан насыя алып шайлоого катышам дегени, дагы башкаларынын элге кайрылып жардам сураганы кызуу талкууга түшүүдө.

Айталы, талапкерлердин бири, "Кыргызстан демократиялык кыймылынын" төрагасы Турсунбек Акун президенттикке ат салышуу үчүн банктардын бирине өз үйүн кредитке коюп, 24% үстөк менен насыя алып жатканын Би-Би-Сиге ырастады.

"Президент кол койгон мыйзамга ылайык, депутат же президент болуу үчүн бай гана болуш керек экен. Чөнтөгү калың, бирок калың китеп окубаган, кечээ чыккан балдар президент болом деп жатышат. Аларга караганда татыктуу билим алган, элге көп жылдан бери кызмат кылып келаткан адамдар шайлоого катышпай калабы? Эмне үчүн жулунгандардын заманы болуш керек? Мен өз талапкерлигимди намыс үчүн коюп жатам. Үйсүз, акчасыз калсам дагы мейли, бирок намыс үчүн коём".

Image caption Рита Карасартова

Мындан алдың талапкерлердин дагы бири, укук коргоочу Рита Карасартова интернет аркылуу элге кайрылуу жасап, үгүт иштерине каржылык жардам сураган. Анын эсебинен 20 миң сомдун тегерегинде акча жыйналганы маалым болду.

"Эсеп ачкандан кийин "Ким колдоо көрсөтө алат?" деп фейсбуктан жазганбыз. Бир жума өткөндөн кийин 20300 сом акча чогулду. Элдерден аты-жөнүн эмес, инициалдарын жазууну сурангам. Булардын отчётторун улам жазып турам. Экинчи жумага өткөндө дагы чогулат. Теле же радиолорго чыгууга акча абдан көп керектелет экен, андыктан каражат бир аз топтолгондон кийин региондорго барып, үгүт жүргүзөбүз", - деди Карасартова.

Ал эми белгилүү саясатчы, шайлоо жарышына аттанып жаткан талапкерлердин дагы бири Адахан Мадумаров да Би-Би-Сиге берген маегинде, шайлоо күрөөсүн төлөө үчүн элге кайрылып, алардан жардам сурарын ачык айтканы бар:

"Шайлоо күрөөсү болгон бир миллион сомду эптеп, көптөп төлөйбүз. Кыргызстанда кайдыгер эмес, көмөктөшүүгө даяр жарандар бар".

Коомдук ишмер Жыпар Жекешеевдин пикиринде, элден акча чогултуу же кредит алуу аркылуу шайлоо күрөөсүн төлөө аракети жөн гана элдин көңүл чордунда болуу үчүн ойлонулган аракет:

"Бул жол аркылуу бир аз өздөрүн көрсөтүп, элдин кайрымдуулугунан үмүт этип жатышат. Алардын басып өткөн жолдорун билебиз. Президенттик шайлоо келгенде эле ушундай жол менен өтүп кетебиз дегендери- "балалык кыял". Баарыбыз тең жер менен басып жүрөлү, реалист бололу да".

Деген менен серепчи Бакыт Бакетаев, айрым талапкерлердин үйүн күрөөгө коюп же элден акча чогултуп шайлоого аттануусун айла жоктогу аракет катары баалайт. Мунун себебин шайлоо күрөөсүнүн жүз миң сомдон бир миллионго көтөрүлүшүнөн көргөн эксперт, каражаты тартыш, бирок жигердүү жарандар үчүн шайлоого катышуу кыйын болуп калды дейт:

"Элдин арасында эмне деген даанышман адамдар бар. Алардын айрымдарынын мамлекетти өнүктүрүү программалары даяр. Бирок алар акча топтогон эмес. Ошон үчүн акча маселесин токтотуш керек эле, бекер эле миллионго жеткиришти. Бул учурда татыктуу адамдардын пикирлерин жоготуп алдык".

Image caption Бернис Сандерс

Эл аралык тажрыйбалардан айтчу болсок, элден акча топтоо ыкмасы шайлоодо колдонулуп келген учурлар жок эмес. Маселен, өткөн жылкы АКШдагы президенттик шайлоодо "Демократиялык партиядан" Клинтонго атаандаш болуп чыккан Бернис Сандерс "Turing Pharmaceutical" сыяктуу ири компаниялардын каражатынан баш тартып, 96 млн. доллардан ашуун акчаны элден топтогон. Ыктыярдуу түрдө каражат бөлгөндөрдүн 75% 200 доллардан азыраак беришкен.

Бирок мындай мисалдар менен кыргыз коомчулугун ынандыруу кыйын дейт байкоочулар. Алдыдагы шайлоодогу үгүт иштеринде капчыктуулар менен капчыгы жукалар ортосундагы айырма кескин байкалчудай. Айрым талдоочулар мунун шайлоо тыянагына да таасири тийет деп болжоодо.