Соттошкон саясатчылар шайлоо жарышына чыга алабы?

Саясатчылардын шайлоого катышуу шансы канчалык? Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Саясатчылардын шайлоого катышуу шансы канчалык?

Тергөө абагындагы экс-депутат Садыр Жапаров президенттикке талапкер катары каттала албай убара. Ал эми үстүнөн сот процесси уланып жаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин шайлоо жарышына кое берилиши арсар болуп турат. Ал арада мурда соттолуп, бирок соттуулугу 8-ноябрда гана алына турган Акматбек Келдибеков болбой эле шайлоого барам деп көшөрүүдө.

Президенттикке баруу ниетин билдирип БШКга арызын тапшырган жарандар саны 20дан ашты. Алардын арасында буга чейин соттолгон же соту жүрүп жаткан саясатчылар да бар.

Ал саясатчылардын шайлоого катышуу шансы канчалык?

Күн алыс өткөн Текебаевдин соту

11-июлда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин соту уланып, Жогорку Кеңеш депутаты Алмамбет Шыкмаматов күбө катары көрсөтмө берди.

Соңку күндөрү Текебаевге байланыштуу сот процесстери тездетилип, отурумдар күн алыс белгиленүүдө. Сот отурумдарына байкоо салууга карапайым жарандар эмес, айрым учурда журналисттер да жетишип-жетишпей калууда.

Парламенттеги оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары муну президенттик шайлоого байлап, “Ата Мекен” лидери талапкер катары катталбай калсын деген аракет катары сыпатташууда.

“Булардын шашылып жатканы 9-сентябрга чейин сот өкүмүн чыгарып коелу деп атышат. Биринчи инстанциядагы эмес, экинчи инстанциядагы сот өкүмү болушу керек. Биринчи май райондук соту айыптуу деп чечим чыгарып, аны Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган күндөн баштап Текебаев “соттолгон” деп эсептелип калат. Анан БШК талапкер катары каттабай койгонго укуктуу болуп калат”, -деди ''Ата-Мекен'' партиясынын юристи Таалайкүл Токтакунова .

БШК учурда талапкерлерден арыздарды кабыл алуу менен гана чектелүүдө. Ал эми талапкерлерди расмий каттоо процесси алардын мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарышына карата 1-августтан 9-сентябрга чейинки мөөнөткө белгилеген.

Өмүрбек Текебаев быйыл 27-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалган. Ага "Мегаком" компаниясын башкарууга байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. Учурда Текебаев УКМКнын тергөө абагында камакта отурат жана ал өзүнө коюлган айыптарды саясий куугунтук катары четке кагып келет.

Соттолгон Келдибеков баары бир шайлоого барат

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков президенттик шайлоого барарын быйыл 26-майда Алайда жарыялаган.

Бирок парламенттин экс-депутаты, Социалдык фонддун мурдагы башчысы Акматбек Келдибеков коррупция үчүн соттолуп, мамлекетке айып пул да төлөгөн.

13-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирүү таратып, анда Келдибековдун буга чейинки соттолгону эскертилди.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Келдибеков: "Соттолгон" деген сөздү алдырып салуунун мыйзамдуу жолдору бар.

''Бишкек шаардык сотунун чечими менен Келдибековго 10 миллион сом өлчөмүндө айып салынган. Бул өкүм Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен күчүндө калтырылган. Ал эми айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 76-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункттун негизинде Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат'', - делет Жогорку Соттун бул тууралуу билдирүүсүндө.

Мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда соттолгон жаран толук акталмайынча, шайлоого катыша албайт.

Ошентсе да Акматбек Келдибеков артка чегинбесин айтып, журналистерге мыйзам чегинде бирок шайлоо жарышына баары бир чыгарын айткан.

“ Соттолгон” деген сөздү алдырып салуунун мыйзамдуу жолдору бар. Ар бир саясатчынын өзүнүн стратегиялык тактикасы болот. Азыр бардыгын ачыктап салыш болбойт. Мыйзамдуу түрдө иштин баарын алып барабыз. Съезд өтөт, талапкерди жылдыруу деген болот”, - деген эле 14-июнда Акматбек Келдибеков.

Жапаров ишеним катын тастыктай албай убара

11-июлда Садыр Жапаровдун жактоочулары маалымат жыйынын уюштуруп, анда экс-депутаттын президенттикке талапкер катары БШКга арыз берүүсүндө бюрократиялык тоскоолдуктар болуп жатканын белгилешти.

“Садыр Жапаров талапкер катары БШКга тиешелүү документтерин тапшыруу үчүн Муратбек Мамбеткуловго ишеним кат жазып берген. Ошол катты Жапаров жазды деп тастыктаган мөөр керек дешип атышат. Аны Жапаров отурган СИЗОнун мекемеси берүүгө милдеттүү болчу. Бирок бүгүнкүгө чейин аны бизге эч ким берген жок”, -деди адвокат Шарабидин Токтосунов.

Садыр Жапаровдун атынан аны президенттикке талапкер кылып каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арызы 3-июлда эле берилген. Бирок бүгүнкүгө чейин БШК өз эрежелерине негиздеп, документтерди кабыл ала элек.

Сүрөттүн автордук укугу kchr
Image caption Жапаров 2012-жылы күзүндө Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин фракциялаштары Ташиев, Мамытов менен чогуу камакка алынып, соттолгон.

Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Экс-депутат №1 тергөө абагында камакта.

Бирок эскерте кетчү жагдай, Жапаров 2012-жылы күзүндө Бишкекте Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин фракциялаштары Камчыбек Ташиев , Талант Мамытов менен чогуу камакка алынып, соттолгон .

Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосун ашып өтөт деп, камакка алынгандарга мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет кылган деген айып тагылган.

Үч депутат атайын кызматтын тергөө абагында сегиз айдан ашуун отурушуп, иш Жогорку Сотко чейин жетип, 2013-жылы августта “атажуртчу” депутаттар 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок тергөө абагында отурганда жаза мөөнөтү өтөлүп бүттү деп эсептелип эркиндикке чыгарылган.

Кийин Ташиевдин соттолгону жоюлган. Ал эми Жапаровдун бул тууралуу арызы быйыл 29-мартта Каракол шаардык сотунда каралмак, бирок экс-депутаттын камакка алынышына байланыштуу ал арыз каралбаган тейден калган.