Партия атынан эмес, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер көп

Президенттик шайлоо күнү 15-октябрга белгиленди Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO / Stringer
Image caption Президенттик шайлоо күнү 15-октябрга белгиленди

Кыргызстандагы бир дагы партия президенттик шайлоого байланыштуу өз ичинде праймериз өткөргөн жок. Ал чакта президенттикке үч гана талапкер партия атынан жылдырылды. Негизинен шайлоого талапкерлер өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанышууда. Эмне үчүн?

Серепчилер Кыргызстанда партиялык система өнүгө албай жаткандыгын айтышууда.

Саясий уюмдар атынан жылдырылган талапкерлер азырынча: Темир Сариев - "Ак Шумкар", Бакыт Төрөбаев - "Өнүгүү-Прогресс", Турсунбек Акун - "Адам укугу".

12-июлга карата президенттик шайлоого талапкер катары катталууга арызын бергендердин саны 23 адамга жетти. Алардын ичинен үч талапкерди партиялар көрсөтсө, калган 19у өзүн өзү көрсөткөндөр.

"Кыргызстанда 300 чакты саясий партиялар бар, бирок эч кайсы партия катарында жок да биздин жарандар бар да. Ошондуктан талапкерлерди жылдырууда мыйзамдар боюнча эки субъект каралган",- деди БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Сүрөттүн автордук укугу offical
Image caption Бекматов: Tалапкерлерди жылдырууда мыйзамдар боюнча эки субъект каралган

Ал талапкерлерден документтерди кабыл алып, каттоодо өзүн-өзү жылдыргандар менен партия атынан көрсөтүлгөндөр ортосунда айырмачылыктар жок экенин кошумчалады.

15-октябрьда өтчү президенттик шайлоого талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 1-августта жыйынтыкталат.

"Кыргызча праймериз"

Серепчилер Кыргызстанда партиялар жеке адамдардын акчаларына түзүлгөн уюм, олигархтардын жеке долбоорундай кабылданарын айтып келишет. Андыктан партия башындагы адамдын айканы айткандай аткарылып, саясий кеңештердин чечимдери негизги адамдын пикиринен ажырым чыкпайт.

Бул себептүү жергиликтүү партиялар ичинде атаандаштык жолго коюла элек.

Президентикке талапкер жылдырууда бул нерсе дагы тастыкталгандай болду. Мисалы, шайлоого карата өлкөдөгү бир дагы партия президенттик шайлоого байланыштуу өз ичинде праймериз өткөргөн жок. Себеби, кайсы бир талапкерге токтолуу көшөгө артында сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет же адатта партия лидери же финансылык колдоочунун талапкериги сүрөлөт.

Саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков АКШда былтыр жана Францияда быйыл өткөн президенттик шайлоо тажрыйбаларын мисал тартып, Кыргызстанда партия институту толук калыптана элек дейт.

Image caption Кадырбеков: Кыргызстанда партия институту толук калыптана элек

"Президенттикке ат салышкандардын дээрлик бардыгы партия лидерлери же финансылык жагын кармап турган кишилер болууда. Ал эми өзүн өзү президенттикке көрсөтүп жаткандар Кыргызстан партиялык системанын инструменттери иштебей жана функционалдык практикалык иштерди аткара албаганын белгиси болууда", -деди серепчи.

Бул жолку шайлоодо партиясы туруп Өмүрбек Бабановдун "Республика" жана Өмүрбек Текебаевдин "Ата Мекен" аркылуу эмес, өзүн өзү көрсөтүп шайлоого аттанышы да кызык болууда.

КСДП ичиндеги ажырым

Бийликтеги Социал-демократтар партиясында президенттикке талапкер жылдыруу маселесинде жик түшкөндөй. Саясий уюмдун бейрасмий лидери президент Алмазбек Атамбаев өкмөт-башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолсо дагы, КСДПчы парламент спикери Чыныбай Турсунбеков өзүн-өзү жылдыруу менен шайлоого баратат.

Ал арада партиянын айрым мүчөлөлөрү талапкер катары Сагынбек Абдрахмановду колдоп жаткандыгы белгилүү болду.

Буга байланыштуу жаш активисттер талапкерлердин ичинен праймериз аркылуу татыктуусун тандоону 11-июлда сунуштап чыкты.

Сунуш колдоого алынабы же жокпу белгисиз, бирок ушул 15-июлда КСДП курултайында президенттикке бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар