Кыргызстан ишкерлик үчүн “бейишпи”?

Өлкөдө улам өкмөт алмашкан сайын ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, өндүрүштүн өнүгүүсүнө шарт түзүү убадалары ар дайым негизги приоритет болуп келүүдө
Image caption Өлкөдө улам өкмөт алмашкан сайын ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, өндүрүштүн өнүгүүсүнө шарт түзүү убадалары ар дайым негизги приоритет болуп келүүдө

Кыргыз өкмөтү атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик казынадан 350 млн. сом каржылык жардам көрсөтмөк болууда. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев болсо, кечээ күнү чет элдик ишкерлер менен жолугушуу учурунда "Кыргызстан ишкердик үчүн бейишке айланууда" деп белгилеген.

Бирок ошол эле учурда өлкөдөгү ишкердик чөйрөнүн нааразылыгын жараткан жагдайлар көп дешет айрым ишкерлер. Маселен, бюрократиялык мамилеге наарызы болгондордун бири, жеке ишкер Мунарбек Исанын Би-Би-Сиге билдиришинче, соцфондко акча берүү маселеси абдан жүдөтөт:

"Өлкөгө салык төлөөгө макулмун. Анткени иштеткен жериң, ишиң үчүн каражат бөлүү нормалдуу көрүнүш. Ал эми соцфонд сыяктуу кызматтар ашыкча деп ойлойм. Ага абдан көп сумма коротобуз. Анын үстүнө биз төлөгөн акчалар кайда кетери белгисиз. Башкача айтканда, бул акча алуунун маданияттуу жолу катары сезилет".

Өлкөдө улам өкмөт алмашкан сайын ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, өндүрүштүн өнүгүүсүнө шарт түзүү убадалары ар дайым негизги приоритет болуп келүүдө. Бирок иш жүзүндө алар жаңы өкмөт келгенде ара жолдо калып, кайра башынан башталат дейт бул тармакты жакшы билген эксперттер. Андан сырткары, ишкердик боюнча өлкөдө кабыл алынган мыйзамдарда абдан мыкты шарттар, толук эркиндик каралган. Бирок аткарышына келгенде эле тескери кетет дейт "Биз эксперт" деп аталган аналитикалык борбордун жетекчиси Улук Кыдырбаев:

"Кыргызстанда кошуна Тажикстан, Өзбекстанга караганда ишкерлер үчүн эң либералдуу шарттар түзүлгөн. Биз муну башынан бери эле айтып келебиз. Бул жерде негизги маселе-мыйзамды ишке ашырган кызматкерлерде. Айрым кызматкерлер бул шартты колдонуп, акча алуу сыяктуу жолдор менен ишкерлерге тоскоолдук кылат".

Image caption "Doing Business" иликтөөсүнүн соңку тыянагы боюнча 190 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 75-орунда аталган.

Ишкерлер үчүн түзүлгөн шарттарды иликтеп, жыл сайын рейтинг түзүп келе жаткан "Doing Business" иликтөөсүнүн соңку тыянагы боюнча 190 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 75-орунда аталган. Иликтөө ишкананы каттоо, курулушка уруксат алуу, мүлктү каттоо, салык төлөө, эл аралык соода, майда инвесторлорду коргоо сыяктуу критерийлердин негизинде жүргүзүлөт. Акыркы рейтингде Кыргызстан мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир нече тепкичке ылдыйлап кеткен.

"Буга чейин Кыргызстан 63-67-орунда болчу, ал эми соңкусунда 75-орун болуп калды. Бул рейтинге түшүп кеткенибиздин себеби, өлкөдө электр кубаттуулукка кошулуу жана жерди бөлүп берүү маселеси жогорулаган. Бул эки кыйынчылыктан улам бир нече тепкичке ылдый кеттик", - деди экономика боюнча адис Искендер Шаршеев.

Doing Business изилдөөсүнө өлкө ичинде көпчүлүк анчейин маани бербегени менен сырткы инвесторлор үчүн албетте бул жагдай чоң мааниге ээ. Экономикасы чабал, сырткы инвесторлорго муктаж болуп келе жаткан өлкө үчүн ишкердикке жана инвесторлорго түзүлгөн шарттар кагазда эмес, иш жүзүндө гана мыкты болгондо бизнес өнүгөт эле дейт ишкерлердин өздөрү. Ал эми расмийлер болсо ишкерлик үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн ынандырып, болгону изденүү, эмгек талап кылынат деп айтууда.

Тектеш темалар