Майыптык кудайдын каргышынан эмес

Майыптык

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо боюнча коомдук уюмдар Жогорку Кеңештен БУУнун тийиштүү конвенциясын ратификациялоону талап кылышты.

Өлкөдө 170 миңден ашык ден-соолугунан майып адамдар бар. Учурда Кыргызстандагы улуттук мыйзамдардын 70 пайызы алардын медициналык гана укуктарын коргоону карап, социалдык жана башка укуктары көз жаздымда калууда.

Алты жыл ратификацияланбаган документ

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көйгөйлөрүн чечүү үчүн бейөкмөт уюмдар БУУнун конвенциясын ратификациялоого өкмөттү чакырышууда. Алар эгер бул документ кабыл алынса, майыптардын укуктарын коргоого, аларга шарт түзүлөрүнө ишеним артып жатышат.

Улуттар уюмунун аталган конвенциясы 2006-жылы кабыл алынып, эки жылдан кийин күчүнө кирген. Учурда дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсү бул документти ратификациялаган.

Image caption Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо боюнча коомдук уюмдар Жогорку Кеңештен БУУнун тийиштүү конвенциясын ратификациялоону талап кылышты.

Кыргызстан ага 2011-жылы кол койгону менен парламент бүгүнкү күнгө чейин бекитип бере элек.

"Алты жылдан бери биз бийлик, өкмөттүн көп курамдары менен сүйлөшүп эле келе жатабыз. Өкмөттүн жетекчиси менен жаңы эле тил табышып, көйгөйдү түшүндүрүп келе жатканда эле ал өкмөт башчысы алмашып кетип атат. А кийинки киши менен сөздү кайрадан баштоого туура келип атат. Мына эми аз убакыттан кийин бул өкмөт башчы да шайлоого чыгып кетет, кийинкиси менен кайра баштан баштайбыз, көнүп калдык",- деди "Майып адамдарга юридикалык көмөк көрсөтүү" коомдук фондусунун президенти Толкунбек Исаков.

Майыптардын негизги көйгөйү - аларга карата стереотиптүү көз караш

БУУ Конвенциясын ратификациялоону талап кылып чыккандардын арасында "Назик кыз" коомдук бирикмесинин төрайымы Үкей Мураталиева да бар. Ал Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эң биринчи көйгөйү бул - аларга карата коомдук стереотиптүү көз карашы дейт.

"Майыптык бул Кудай каргышынан, же бирөө биөөнү жаман көрүп койгондон берилбейт. Майып адамдар Кудайдын сүймөнчүгү да эмес. Бул нерселер ал факторлордон тышкары нерсе", - деди ал.

"Мисалы, адам президент же алып баруучу же өз жумушунда мыкты адис болуусу үчүн эмне керек дегенде, биз эч качан колу-буту болсун, көзү болсун деген талап жок да. Тек агана ошол жумушка тиешелүү билим деңгээли, ошол ишке болгон салымы каралат да. Адамдын баалулугу ошондо да",- деп кошумчалады Үкей Мураталиева.

Борбор Азияда Кыргызстан менен Тажикстан эле майыптарга суз мамиледе

"Ысык-Көл облусундагы майыптар" коомдук фондусунун жетекчиси Гүлмира Казакунова Казакстан Улуттар уюмунун Майыптар тууралуу Конвенциясын Казакстан 2015-жылы эле ратификациялаганын мисал тартты.

"Борбор Азияда документти ратификациялай элек жалгыз эле Кыргызстан менен Тажикстан калды. Алыска кетпей эле конвенция бекитилгенден кийин Казакстанда эмне өзгөргөнүн карап көрөлүчү. Социалдык-трапнспортттук инфраструктура майып адамдарга адаптацияланып атат. Өлкодөгу спорт жайларынын 66% майып адамдарга ылайыкташты. Кыргызстанда бул көрсөткүч араң эле 1% түзсө керек", - деди Гүлмира Казакунова.

Ошондой эле ал коңшу өлкөдөгү мектептердин 55% жана колледждердин 20% майыптуулугу бар балдарга шарталганын белгилей кетти.

Эске салсак, 21-июнда Кыргызстанда майып балдардын ата-энелери да президентке кайрылып, бала төрөлгөндөгү сүйүнчү акчаны караган мыйзам долбооруна чек коюуну суранышкан. Бул үчүн бюджеттен каралып жаткан сегиз миллиард сомду майып балдары бар энелерди колдоого жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна шарт түзүү үчүн жумшоо талап кылынды.

Тектеш темалар