Текебаевдин соту: таанымал саясатчылар суралды

Экс-президент Роза Отунбаева Текебаевдин сотуна жактоочу тараптын күбөсү катары катышты
Image caption Экс-президент Роза Отунбаева Текебаевдин сотуна жактоочу тараптын күбөсү катары катышты

Текебаев менен Чотоновдун сотунда бүгүн Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев баш болгон убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана “Ата Мекендин” мүчөлөрү жактоочунун күбөсү катары суралды. Алар кылмыш жасаган деп айыпталган күнү Текебаев эмне кылганын, анын ыйгарым укуктары кандай болгонун айтып беришти.

Оппозициялык лидерлердин бири Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна түшкө чейин экс-президент Роза Отунбаева, убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Эмилбек Каптагаев, Данияр Нарынбаев жана “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов келди.

Жактоочулардын бул күбөлөрү Текебаев Леонид Маевский менен жолуккан делген 13-майда эмне кылышканын, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн укуктары тууралуу суроолорго жооп беришти.

Роза Отунбаева майдын бул учурунда өлкөнүн түштүгүндө митингдер өтүп, өкмөт ошону менен алек болгонун белгиледи.

Image caption Жактоочулар судьяны алмаштыруу өтүнүчүн келтирди, судья аны четке какты

“Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары бирдей даражада болчу. Кандай чечим болбосун эч качан бир кишинин чечими, калоосу менен кабыл алынчу эмес. Сотко даярданып жатканда баары логикалык тизмекке туруп калды. Бир күн мемуарларыбызды жазабыз. 12-13-14-майларда бакиевчилер төңкөрүш кылабыз деп катуу даярданып жатышкан экен”, - деген Отунбаева сөзүнүн аягында судьяны, прокурорлорду адилет болууга чакырып, аларды тазалоо үчүн люстрация тизмесин түзүп жатканын билдирди.

Күбөлөрдөн кылмыш ишиндеги маанилүү даталардын күн тартибинен сырткары жакында чуу жараткан убактылуу өкмөт мүчөлөрү отурган кабинеттер тууралуу да сурашты.

Анткени айыптоочу тараптын негизги күбөсү интернетке таратылган видеодо 2010-жылы кайсы кабинетке барып Текебаевге жолукканын тыкыр көрсөтүп берген эле. Бирок күбөлөр бир ооздон ал көрсөткөн иш бөлмөдө Текебаев эмес, убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Алмазбек Атамбаев отурчу дешти.

Соттук жыйындын түштөн кийинки бөлүгүндө “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Сайдулла Нышанов, Наталья Никитенко, Асия Сасыкбаева, Аида Салянова жана башкалар суралды.

Ал учурда Юстиция министрлигин жетектеп турган Салянова да 13-май Текебаев катышкан Конституцияны кабыл алуу үчүн конституциялык кеңешменин жыйыны жана башка жыйналыштар менен толо болгонун жана ошол күнү алар чогуу түштөнүшкөнүн билдирди.

“Конституциялык кеңешменин жыйыны 13-май күнү да өткөн. Бирок ал бир аз өзгөчө болчу, анткени, маанилүү маселелер каралды. Андан тышкары эртеден түшкө чейин дагы бир маанилүү иш чара өттү. Ал тегерек үстөлдө ошол Конституцияга Венеция комиссиясынын корутундусу каралмак”, - деди Салянова.

Жактоочулардын айтымында, бүгүнкү күбөлөр алар сунуштаган 50 күбөнүн саналуусу гана.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Текебаев менен Чотоновдун соту өттү

Айыптоочулардын айтымында, Текебаев тарап сотту атайын созууга аракет кылып жатышат. Ал эми жактоочулар Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбаш үчүн сот чечимин бат чыгарууга шашууда деп эсептешет.

Жактоочу тарап бүгүн судьяны да, прокурорлорду да алмаштыруу өтүнүчүн киргизди. Бирок судья аны канааттандырган жок.

Соттун 29-июнда өткөн жыйынында негизги күбө Леонид Маевский көрсөтмө берген.

Ал 13-майда Текебаев Конституция боюнча жыйындан чыккандан кийин жолукканын, “Супарага” барышканын айткан.

Image caption Текебаев менен Чотоновдун соту Биринчи май райондук сотунда өтүүдө

“Эч кандай саясий буйрутма жок. Бул нак кылмыш иши. Текебаев менен Чотонов өздөрүнүн жеке демилгеси үчүн отурушат. Аларды президентиңер Атамбаев отургузган жок, өздөрүн өздөрү отургузду”, - деген Маевский Текебаев аны коркута албасын, ал күтүп жүрүп, учуру келгенде жооп берип жатканын айткан.

Ал ошондой эле берген бир миллион доллар пара эмес, мыйзамдуу экенин даилдейм деди.

Ал эми айыптоочу тараптын дагы бир күбөсү Алексей Модин өкмөт имаратына кантип барып, Текебаевдин иш бөлмөсүнө кирип, бир нече киши болуп отурушканын айтып берген тасмасы тараган.

Модин анда Текебаевге Маевский болуп барып, анын кабинетинде Чотонов, Абдрахманов жана башка бир нече киши менен “Мегакомду” талкуулашканын айткан.

Текебаев менен Чотоновдун соту июндун башынан бери уланууда. Алар “Мегакомдун” башкаруусуна орус жараны Леонид Маевскийди кошуп берүү үчүн бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Экс-министр Дүйшөнкул Чотонов да ушул боюнча кармалган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар