Турсунбай Бакир уулу алтынчы жолу президенттик жарышка чыкты

Турсунбай Бакир уулу

Кыргызстанда күз айында өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катталгандар саны 22 ге жети. Алардын арасында белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Турсунбай Бакир уулу дагы өз талапкерлигин көрсөтүүдө.

Өлкөнүн эгемен тарыхындагы президенттик шайлоолорго дээрлик такай катышып келаткан саясатчыны маекке тартып: Буга чейинки шайлоолордо утулуп эле келе жатканыңызга карабай эмнеге кайра-кайра эле талапкер боло бересиз?,- деп сурадык.

Турсунбай Бакир уулу: Президенттик шайлоого алтынчы жолу аттанышым. Буга чейин Курманбек Бакиевге да, Алмазбек Атамбаевге да атаандаш болуп келгем. Бирок эки жолку шайлоодон четтетип коюшту. 2005-жылы президент Аскар Акаевди Кыргызстандан кууп чыгарышканда Курманбек Бакиев президенттин милдетин аткаруучу болуп калган. Ошондо мен президенттик шайлоо таза өтөт деп ойлогом. Анткени бийликте президент жок, Бакиев болсо убактылуу милдетин аткрып жатса деп. Бирок өкүнүчтүүсү анда дагы административдик ресурс катуу иштеген. Шайлоону бир айлампа менен жыйынтыкташып, мени капа болбосун деп экинчи орунга коюп коюшту. Экинчи айлампасы өтүшү керек болчу. Бул элдин дагы эсинде болсо керек.

2011-жылы деле ошондой эле абал болду. Бийликте президент жок, бирок административдик ресурс иштеген, 400 миңдей шайлоочу шайлоого катышпай калды. Мени шайлоодон четтетишти, кайра соттошуп келгенге чейин кечигип калдым. Азыр деле абал ошондой деп эсептейм. Бийликте олтурган президент Атамбаев шайлоого катышпайт, бирок анын мураскери бар. Алар бирөө эмес, экөө. Бул жерде мен элдин ыйманына ишенем.

Би-Би-Си: Шайлоо өнөктүгү ийгиликтүү болуш үчүн кеминде 30 миллион доллар керек деп жатышат. Сиздин ушунча акчаңыз барбы?

Турсунбай Бакир уулу: Азыр шайлоо баштала электе эле жер-жерлерде элдин оозун майлап койгондор болуп жатпайбы. А мен болсо, жогоруда айткандай элдин ыйманына ишенем. Кыргызды дайым ыймандуулук сактап келген. Карап көрсөңөр, канчалаган чоң улуттар жок болгон, кыргыздар аз болсо да сакталып келди. Анткени керектүү, орчундуу маселеде биздин улут биригет, коргонуу инстинктибиз бар. Элден качкан ыйман кайра кайтып келет деп ишенем. Мен башкаларга окшоп акча чачпаймын. Бар болгон күндө да чачпайм. Анткени, мен акча чачсам башка талапкерлерден эмне айырмам болот? Мен адамдын ыйманына таянып, жарышка чыгып жатам. Экинчиден, эгер мен президент болуп калсам чачкан акчамды кайтарышым керек да, бул коррупциянын түгөнбөс айлампасы болуп жатпайбы. Үчүнчүдөн, шайлоо күрөөсүн төгүү оңой эле. Ачык айтайын, мен унаа айдай албайм. Раматылык аялымдын чоң унаасы бар эле, ал өткөндөн кийин жөн эле чирибесин деп сатып жибердим. Бул күрөөгө жетет. Калган кетчү каражаттар үчүн банктык эсеп ачтык. Ага партиялаштарым акча салышат.

Би-Би-Си: Учурда БШКга жалпы 22 талапкер катталды. Ошол эле учурда эл арасында Чубак Ажы Жалилов дагы президенттик шайлоого барып калышы ыктымал деген сөздөр айтылып жатат. Кандай президент бийликке келет деп ойлойсуз:

Турсунбай Бакир уулу: Бүгүн элдерден сурасаң акчалуу адам жеңет деп айтышат. Бирок бул туура эмес. Эл жоголуп кетүү коркунучу турганда коргонот, ошондой күч байкалып жатат. Акчага сатылбай чын жүрөктөн добуш берүүгө даяр адамдар көп. Чубак ажы эң чоң аалымдардын бири. Эгер ал талапкерлигин коюп калса, мен ойлонбой туруп өз талапкерлигимди алып салам. Анткени шайлоо программабыз бирдей.

Би-Би-Си: Сиздин диний жолдо жүргөн саясатчы экениңизди баары эле билет. Соңку жылдарда Кыргызстанда диний маселе курч деп мүнөздөлүп келүүдө. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

Турсунбай Бакир уулу: Эгер бир бош орун болсо аны албетте толукташат. Биз радикал эмеспиз, ата-бабабыз кармап келген ислам дининдебиз. Экстремисттик уюмдардын катарында жокпуз. Кудайга шүгүр, намаз окуйм. Саясатка ушу мүнөзүм менен келгем. Евроапада христиандык партиялар бар, аларга эч ким унчукпайт. Бул жерде мусулмандар саясатка аралашса эле саясат башка, дин башка дешет. Мен кыргызмын, мусулманмын. Шайлоого катышуу укугум бар. Эгер президент болуп калсам, Кыргызстанда салттуу диндерди колдоп бермекмин. Бул Ислам менен Православ дини.

Би-Би-Си: Кыргыз коомунда кэ учурларда көп аялдуулук темасы улам козголуп, талкууга түшүп келатат. Ушу темага келгенде эле сизге доомат айткандар көп эмеспи. Президент болуп калсаңыз бул сыятктуу талаштуу пикирлерге эмне чара көрөсүз?

Турсунбай Бакир уулу: Көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу керек деген сыяктуу сөздөрдү көп угам. Анын кереги жок. Куранда "экинчи аялды бага алсаң үйлөнгүн" деп көрсөтүп койгон. Бирок бүт аялдарына тең карашың керек. Менде канча аялым бар экенене "кайненелерим" көп кызыгышат. Ачык эле жооп берем, мен шарияттан чыккан жокмун. Шариятта төрт аял алуу мүмкүн болсо, менде төрт аялым бар эле. Бирок өкүнүчтүүсү, бирөөсү менен ажырашканга мажбур болдум, экинчиси болсо былтыр көзү өтүп кетти. Азыр эки аялым бар, муну сыр тутпайм.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар