Салянованын адвокаты сот убактысы боюнча буйрук бар деди

Адвокат сотту кайсы күндөрү өткөрүү боюнча "жогору жактын" катын көрүшкөнүн айтты
Image caption Адвокат сотту кайсы күндөрү өткөрүү боюнча "жогору жактын" катын көрүшкөнүн айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен уланды. Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун сотунда да күбөлөр суралса, экс-депутат Райкан Төлөгөновдун сот отуруму жылдырылды.

Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Аида Салянованын соту бир аптадан кийин уланды.

Сотту жылдыруу мөөнөтү талкууланып жатканда адвокат сотту кайсы күндөрү өткөрүү боюнча "жогору жактын" катын көрүшкөнүн айтты.

Партиялашы, мурдагы юстиция министри Алманбет Шыкмаматов көрсөтмө берип, Алексей Елисеевди сот 2013-жылы гана айыптуу деп тапканын, ошол жылы лицензиясы жокко чыгарылганын билдирди.

Жактоочу айыптоочу тараптын тергөөдө суралган күбөлөрүн сотко чакырууну өтүндү. Кеп негизинен юстиция министринин мурдагы орун басары Жылдыз Мамбеталиева тууралуу болуп жатат. Бирок судья аны чакырууга негиз жок деди. Ал эми жактоочу тергөөчү гана эмес, адвокат менен айыпталуучулар дагы суроо беришибиз керек эле деди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Аида Салянова эркиндик маршынын катышуучуларын милициянын кармап кетишин сынга алды.

Күбөлөр тергөө материалдарындагы көрсөтмөлөрүнө толук таянса болорун белгилешкен. Андан сырткары сотто бул күбөлөр шаардан сыртта болгонуна же башка маанилүү жагдайларга байланыштуу келе албай турганы айтылды.

Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн окулган көрсөтмөсүндөгү маалыматтар жактоочу тараптын кызыкчылыгына дал келгенин айтууда.

"Айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн баары Елисеевдин лицензия мөөнөтүн узартуудан баш тартууга негиз жок экенин бир ооздон айтышкан. Башкача айтканда лицензия мыйзам чегинде узартылган. Ал эми биздин күбөлөрдү чакырууга судья уруксат берген жок", - деди Жакупбекова.

Ал эми мурдараак адвокат Алексей Елисеев 2010-жылы Кыргызстандан узарткан лицензиясы эч нерсеге жарабаганын айткан.

Саляновага иш козгогон Улуттук коопсуздук комитети Елисеев бул лицензия менен Латвияда иш жүргүзүп жүргөнүн билдирген.

Бүгүнкү сот жыйыны адвокаттын өтүнүчү менен жылдырылды, бирок талаш жаралды.

"Тараптардын пикирин эске алып, адвокаттын өтүнүчү канааттандырылсын. Бирок башка жактагы сот отурумдарыңызды кийинкиге жылдырыңыз", - деди Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков.

Анда адвокат Фейсбукта Салянованын сотун дүйшөмбү, жума күндөрү түшкө чейин өткөрүү боюнча катты көргөнүн айтса, Салянова муну "Ак үйдүн" көрсөтмөсү деп коушмчалады.

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турганда Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан деп айыпталууда.

Катарлаш өткөн башка соттор

Бүгүн мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту да күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен уланды.

Бул иштеги негизги күбөлөрдүн бири саналган, 2013-жылда Саруудагы митингден кийин камалган Кенжебек Жумабаев көрсөтмө берип, Жапаровдун бир тууганынан митингди уюштурууга каражат алгамын деди.

Мурда суралган ошол митингдин катышуучулары Садыр Жапаровдон каражат же көрсөтмө албаганын айтышкан эле. Оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 2013-жылдагы башаламандык үчүн быйыл убактылуу камакка алынган.

Бүгүнкүгө ошондой эле 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча камалган экс-депутат Райкан Төлөгоновдун соту коюлган. Анын адвокаты келбегенине байланыштуу сот жыйыны жылдырылды. Бирок судья менен айыптоочу сотту жактоочу тарап атайын жылдырып жатат деген божомолун айтышты.

Тема боюнча башка макалалар