КСДПдан шайлоого эки талапкер барат

СДПКнын курултайын президенттике талапкерлерди тандады Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстанда президенттин башкаруучу партиясы болгон социал-демократтардын Бишкекте өткөн курултайында премьер-министр Соронбай Жээнбеков президенттикке бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлдү. Ошол эле убакта партиянын лидерлеринин бири, ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков шайлоого өз жолу менен бара турганын билдирди.

Курултайга катышкан 680 делегат Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттик кызматка көрсөтүү сунушун колдоп добуш берди.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгонго чейин депутат, губернатор, министр кызматтарын басып өттү.

Сооронбай Жээнбеков курултайда сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев баштаган саясий курсту улантарын баса белгилеп, үй-бүлөлүк, кландык, коррупциялык башкарууга жол бербей турганын убада кылды.

Президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер тандоо чечими "бир добуштан" кабыл алынды деп жарыяланган менен бул курултайда партиянын лидерлеринин ичинде өзүнчө жолду тандап алган саясатчы бар экени ачык көрүндү. КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу бар экени ушул курултайда ачыкка чыкты.

ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков чыгып сүйлөп, буга чейинки күңкүл кептерди ырастап, президенттик кызмат үчүн күрөшкө чыга турганын билдирди. Төрага бир партиядан эки талапкер чыкканы уникалдуу көрүнүш болот деп баса белгилеп, андан "бөлүнүп-жарылуу болбойт", "эки талапкер чыкса кайра көп добуш алып келет" деп билдирди.

Чыныбай Турсунбеков ошондой эле өкмөттүн иштери демдүү болбой, реформалар кардиналдуу болбой жатканын белгилеп, партияны мансапкорлордон тазалоо бышып жетилген маселе деп билдирди.

Ал өлкөдөгү кырдаалга өзүнүн саясий көз карашын чечмелеп баштаганда, залдан ышкырышып анын сүйлөшүнө тоскоолдук кылуу аракети болду.

КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары, президенттик аппараттын мурдакы жетекчиси Фарид Ниязов журналисттерге курултайдан кийин сүйлөгөн сөзүндө эгер Ч. Турсунбеков шайлоого талапкерлигин кое турган болсо, анда ага СДПКда орун жок деп билдирди.

"Курултайдын чечимин аткарбаган партия мүчөлөрүнө партиядан орун жок",-деди Фарид Ниязов.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Эксперттердин баамында, Чыныбай Турсунбековдун шайлоого өзүнчө барганы жатканы чоң саясий оюнчулардын көп түрлүү сценарийинен кабар берет.

Аналитиктердин баамында, төраганын партия чечиминен сырткары шайлоого барганы жатканы анын өзүнө жана башка күчтөргө да ишенип жатканынан кабар берет. Бирок бул, албетте, КСДПнын ичинен алсыратпай койбойт. Анткени, партия мүчөлөрүнүн баарынын оюна эле С. Жээнбеков туура келип жаткан жок.

Жиктелүү айрыкча социал-демократтардын жаштар канатынын ичинде оркоюп көрүнүп калды. Президенттикке талапкерлерди праймериз жолу менен тандоо сунушун көтөрүп чыгып жаткан КСДПнын жаштар канатынын лидери Ренат Самудиновду бүгүн курултайга киргизбей коюшту. Ошондуктан башкаруучу партиянын айрым электораты жана ресурсу өзүнчө бөлүнүп чыгып, Ч. Турсунбековго иштей турганы белгилүү.

"Турсунбеков биздин жактоочулардын баарына эле жага бербейт, Жээнбеков да баарына жага бербейт. Ошондуктан алардын азыр жалпы жолду эле эмес, өздөрү көбүрөөк колдой турган талапкерин тандап алганга мүмкүнчүлүгү бар",-деп айтты бүгүнкү сөзүндө төрага.

Экинчиден, парламент спикери ички саясий элита менен бир катар саясий кеп-кеңештердин кийин гана шайлоого барууга бел байлап жатканы түшүнүктүү. Бул жерде анын чечимине дем берген тышкы колдоолор да жок деп айтууга болбойт.

Ошентип, КСДПнын ичиндеги ачыкка чыккан бөлүнүп-жарылуу аны шайлоо жарышында аксатпай койбойт жана бийликтеги партиянын талапкери уттуруп койгон монгол вариантынын шансын жогорулатууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар