Президенттикке талапкерлигин коюуга 29 адам арыз берди

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

16-июлда "Аалам" саясий партиясынын лидери, 60 жаштагы Арсланбек Малиев өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого катышуу тууралуу арызын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдиришти.

Президенттик шайлоого баруу ниетин билдиргендердин 24ү өзүн өзү көрсөткөндөр: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев.

Калган беш талапкер саясий партиялар тарабынан сунушталышты: Т.Сариев - 'Ак-Шумкар', Б.Төрөбаев – 'Өнүгүү-Прогресс', Турсунбек Акун – 'Адам укугу', А.Мадумаров - 'Бүтүн Кыргызстан”, С.Жээнбеков - КСДП.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар БШКга 1-августка чейин арыз тапшырып, БШК аларды каттоо же каттабоо чечимин 9-сентябрга чейин кабыл алышы керек.