Шайлоо-2017: Бийлик да, оппозиция да жиктелүүдө

Мурдагы баш прокурор, убактылуу бийликтин өкүлү Азимбек Бекназаров.
Image caption Мурдагы баш прокурор, убактылуу бийликтин өкүлү Азимбек Бекназаров.

Мурдагы баш прокурор, убактылуу бийликтин мүчөсү Азимбек Бекназаров өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкерлигин койду. Оппозиция өкүлдөрү буга чейин бирдиктүү талапкер чыгарабыз деп айтканына карабастан, шайлоо жакындаган сайын өз алдынча жолго түшүүдө. Ал тапта бийликтеги партиянын өкүлдөрү да бөлүнүп жатканы КСДПнын акыркы съездинде көрүндү.

Оппозиция бириге алган жок

Бишкектеги өздөрүн "Улуттук-мекенчил күчтөр" деп атаган топтун курултайында президенттик жарышка Азимбек Бекназаровдун аттанары жарыяланды. Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, Исмаил Исаков, Бөдөш Мамырова баш болгон бир катар аттуу-баштуу саясатчылар катышты. Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарышка чыгып жаткан Бекназаров шайлоого бириккен оппозициянын атынан баратканын баса белгиледи:

"Президенттик шайлоого биринчи жолу катышып жатам. Катыштымбы арткан кайтпайм, менин мүнөзүм ушундай. Башкалар Атамбаевдин саясатын улантабыз деп жатышат, мен улантпайм. Конституцияны өзгөртөм. Өзүмдүн платформам бар".

Image caption Оппозициялык "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" саясий партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин мурунку спикери Акматбек Келдибеков.

Оппозиция өкүлдөрү президенттик жарышка бирдиктүү талапкер чыгарарын буга чейин айтып келишкен. "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" саясий партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин мурунку спикери Акматбек Келдибеков президенттик шайлоого биригип барарын айтышкан. Бирок оппозиция өкүлдөрү шайлоо жакындаган сайын ар башка жолго түшүүдө. Серепчилердин айтымында, оппозициянын чачыроосу башка талапкерлер үчүн чоң утуш алып келүүдө.

"Бүгүн Бекназаров дагы өз талапкерлигин коёрун билдирди. Ошондо оппозициядан Төрөбаев, Мадумаров, Келдибеков чыгып, таптакыр чачырап кетип жатышат. Оппозиция бириге албаса, алардын күчү деле жок. Электораты башкаларга тартылып кетет. Ал учурда КСДПнын ичинде дагы бөлүнүү болуп жатат. Бул башка талапкерлердин жеңүүсүнө шарт түзүшү мүмкүн", - деди Марс Сариев.

Бийликчил партиядагы жик

Марс Сариев бийликчил партиянын бөлүнүүсү деп- ушул жекшембиде өткөн социал-демократтардын курултайында премьер-министр Соронбай Жээнбеков президенттикке бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлгөнүнө карабастан ушул партиянын өкүлү Чыныбай Турсунбековдун өз алындча баруу ниетин билдиргенин айтып жатат. Курултайда 680 делегат Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттик кызматка көрсөтүү сунушун колдоп добуш берди.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков сөз сүйлөп жатып, буга чейинки күңкүл кептерди ырастап, президенттик кызмат үчүн күрөшкө чыга турганын айтты.

"Бүгүнкү курултай өлкөнүн тагдыры үчүн негизги ачкычтардын бири. Мен өз тагдырымды мындан жети жыл мурда социал-демократтар партиясына байлап, анын ичинде алты жыл партия төрагасынын биринчи орун басары жана милдетин аткаруучу болуп иштеп келатам. Эми алдыда негизги чечим турганда партиянын ичинде бөлүнүү бар дегенге негиз жок. Эки талапкердин чыкканы тескерисинче добуш көп алууга шарт түзөт", - деди төрага Чыныбай Турсунбеков.

Image caption Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Чыныбай Турсунбеков ошондой эле өкмөттүн иштери демдүү болбой, реформалар кардиналдуу болбой жатканын белгилеп, партияны мансапкорлордон тазалоо бышып жетилген маселе деп билдирди.

Ал өлкөдөгү кырдаалга өзүнүн саясий көз карашын чечмелеп баштаганда, залдан ышкырышып анын сүйлөшүнө тоскоолдук кылуу аракети болду.

Андан көп узабай КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, партия мүчөсү Жээнбековдун талапкерлигин тааныбай, өз алдынча шайлоого катышам десе, ал кишиге партияда орун жок деди:

"Курултайдын чечимин аткарбаган партия мүчөлөрү партиядан чыгарылат же өздөрү чыгып кетиши керек".

Эксперттердин баамында, Чыныбай Турсунбековдун шайлоого баруу ниетин ишеничтүү билдирүүсү аны колдогондор бар экенинен кабар берет. Бийликчил партиянын бул кадамы добуш топтоо үчүн атайын ойлонулган план болушу мүмкүн деп божомолдойт аналитик Марс Сариев:

"Чыныбай Турсунбековдун артында чоң лобби турат деп ойлойм. Расмий түрдө Жээнбеков көрсөтүлгөнү менен Турсунбеков 25-июлга чейин өз талапкерлигин бекитсе, анда анын рейтинги аябай бат өсүп кетиши мүмкүн. Эл ичинде "Турсунбеков эрдик кылды, партиядан өзүнчө кетти" деп көтөрүлүп кетсе, анда ал киши бийликчил партиянын фаворити болуп калат. Жээнбековдун болсо статусу түшөт. Бул да болсо КСДПга утуш алып келет. Бул процесс табигый көрүнүш эмес, бул ойлонулган проект".

Image caption Аналитик Марс Сариев.

Ал тапта партиянын курултайы күнү КСДПнын жаштар канатынын лидери Ренат Самудинов жыйынга киргизилген жок. Ал буга чейин президенттикке талапкерлерди праймериз жолу менен тандоо сунушун көтөрүп чыккан. Ал сыяктуу башкаруучу партиянын айрым электораты жана ресурсу өзүнчө бөлүнүп чыгып, Ч. Турсунбековго иштей турганы айтылууда.

Ошентип, КСДПнын ичиндеги ачыкка чыккан бөлүнүп-жарылуу аны шайлоо жарышында аксатпай койбойт жана бийликтеги партиянын талапкери уттуруп койгон монгол вариантынын шансын жогорулатууда дешет байкоочулар.

Бийликке катарлаш оппозициялык күчтөрдүн да бириге албай жатканы үчүнчү талапкерлердин жеңүү шансын жогорулатып жатат дешет алар.

Тектеш темалар