ГЭС келишиминин келечеги эмне болот?

ГЭС келишиминин келечеги эмне болот?
Image caption ГЭС келишиминин келечеги эмне болот?

Кыргызстанда курулушу токтоп калган ГЭСтерди чех компаниясы кура турганы өткөн жумада белгилүү болгон. Келишимге кыргыз өкмөтү менен чехиялык инвесторлор 10-июль күнү кол коюшкан. Көз карандысыз айрым серепчилер мындан күмөн санаганы менен аягына чыкпай калган ири курулушка жаңы инвестордун келишин кыргыз расмийлери абдан жакшы жышаан катары баалаган.

Бирок ушул тапта Чехиянын маалымат каражаттары өз өлкөсүндө эч кандай ийгиликке жетише албаган компания кантип Кыргызстанга ири инвестор катары иш баштап жатканын иликтеп кирди.

Чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялаган. Маалыматка караганда 2014-жылы Liglass Trading CZ фирмасынын соода-сатыгы доллардын учурдагы наркы менен 15 миң АКШ долларындай каражатка жетип, бирок чыгаша да учураган.

"Кыргызстанда эң чоң жаңылыкка айланып, келишимге кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюлду. Бул компанияны чех президентинин администрациясы сунуштаганын тактадык, бирок алардан башка Liglass Trading CZ ишканасы тууралуу Чехиянын энергетика тармагынан бир да киши укпаптыр",- деп аталган сайт жазган.

Басылманын жазганы боюнча, Кыргызстанда мындай ири келишимге кол коюлганын Чехиянын өнөр жай министри журналисттерден укканын, ал тургай мындай компания бар экендигин билбей турганын айткан.

Image caption Чехиянын маалымат каражаттары өз өлкөсүндө эч кандай ийгиликке жетише албаган компания кантип Кыргызстанга ири инвестор катары иш баштап жатканын иликтеп кирди

Компаниянын башкы директору делген адам: "Кыргызстанда ири долбоор үстүндө иштеп атканыбыз чын, анын баары коммерциялык купуя сыр", - деп кыска гана жооп берген.

Бирок кыргыз өкмөтү келишим бир топ жагынан пайдалуу экендигин айткан эле.

" "Русгидро" менен келишим түзгөн учурда баа 700 млн деп атып, кийин 1млрд доллардан да ашып кеткен. Бул боюнча көп суроолор чыгып, далидеш да керек болгон. Азыр жаңы инвесторлор реалдуу бааны айтып жатышат. Алар жалпы сумма 500 млндон ашпайт деп жатышат. Бирок үч ай ичинде техникалык экономикалык негиздемесин иштеп чыкса так бир сан айтылат",- деген Энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев.

Президент Алмазбек Атамбаев өзү да Орусияга жасаган соңку сапарында, "Жогорку Нарын каскадына буюрса инвестор табылды деп айтсак болот. Менин мөөнөтүм бүткөнгө чейин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча келишимге июль айынын аягына чейин кол коюлат деп ишенем",- деп айтканы бар.

Бирок маалымат каражаттарына чыккан чуулгандуу билдирүүдөн кийин Чехиялык компания эн чоң будамайлоого барып жатат дегендер катуу сын айтып башташты.

Image caption Эдил Байсалов

"Эл катары башында бул жаңылыкты мен да абдан кубанып кабыл алгам. Иш ордунан жылганы калды деп ойлогом. Бирок тактагандан кийин таң калып олтурам. Бул аты-жыты белгисиз, энергия өндүрүү тармагына кымындай да тиешеси жок компания кантип курат? Ал компания жөнүндө ачык расмий сайттар аркылуу заматта эле тактап алдык. Бир нече өлкөдө ГЭСтерди куруп ийгиликтүү иштеттик дегендеринин баарын карандай калп экен. Мунун баарын биз эмес чехиялык журналисттер да жазып жатпайбы. Сооронбай Жээнбеков болсо дал ушул ГЭСтер аркылуу электр энергия өндүрүүнү 30 пайыз жогорулатабыз деп айткан. Биз мындан чоң долбоорду жөн эле көчөдө жүргөн бирөөлөргө карматып койгону жатабыз. Көрсө март айында эле ТИМ бул компания менен кызматташпоого чакырып, расмий кат да жазган экен.

Бул чайкоочулук экени көрүнүп турат. Компаниябыз деп жаткандар кызыл кулактык кылып, муну башка бирөөлөргө ортомчу катары эле кымбат сатканы жатат. Анан бул иштин ашмалтайы чыгат. Ошого жеткирбей өкмөт расмий билдирүү менен кайрылып, бул келишимди жокко чыгаруу керек",- дейт коомдук ишмер Эдил Байсалов.

Би-Би-Си бир канча ирет кайрылганы менен Улуттук энергохолдинг ак, көк деп эч нерсе айта элек. Бирок, Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев буга чейин эски жана жаңы келишимдерди салыштырып, жаңы келишим көп жагынан артыкчылык кылаарын айткан. Ал салык төлөө, ишеним пакети жана мөөнөт сыяктуу негизги маселелер эле.

Бирок бул иш башынан эле чийки бойдон калган деп сындагандар да жок эмес.

Image caption Расул Үмбөталиев

"Бул чакан ГЭСтерди куру боюнча өткөн тендерге тиешеси жок кошумча келишим менен ишке ашканы турат. Мындай чоң долборду ачык эле тендерге коюп, андан кийин кимиси болбосун анын ичинде ошол эле компания жеңип алса туура болмок. Андай болбогон сон бул жарым-жартылай туура эмес иш болуп калат. Бул арзан деп жаткан менен менин эсебим боюнча, баа дагы деле бир топ кымбат. Бул ишке ашаарынан күмөнүм бар",- дейт энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиев.

Сөз болуп жаткан ГЭСтердин курулушу боюнча 2012-жылы аракеттер көрүлүп, Орусиялык "Русгидро" компаниясы иш баштаган. Кийин компнаия каражаты жок экенин айткан соң, курлуш токтоп, парламент эки тарптуу келишимди жокко чыгарган эле. Башталган иш боюнча орусиялык компания 37 млн доллар сарптаганын, анын кайтарып алаарын айткан. Бул каражат боюнча Жогорку Кенештин айрым депутаттары күмөн санап, кызуу талкуулар токтобой келген.

Тектеш темалар