Чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлдүн тескейине агылууда

Этнофестивалга келген коноктор улуттук оюндарды көрүп отурушат.
Image caption Этнофестивалга келген коноктор улуттук оюндарды көрүп отурушат.

Ысык-Көлдүн түштүк тарабында "Тескей жээк" этнофестивалы өтүп, ага жүздөгөн туристтер катышты. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул сыяктуу фестивалдар чет өлкөлүктөрдүн кыргыз маданияты менен таанышуусуна жакшы өбөлгө түзүүдө.

Туристтер кызыккан- курма чай

Кыргыздын улуттук тамактарынын бири "курма чай" атайын чоң казанга даярдалып келет. Анткени чет өлкөлүк туристтер бул тамакты жактырып ичерин жергиликтүүлөр жакшы билет:

"Бул тамакка ун, май, сүт жана чай кошулат. Туздуу тамак. Адамдын ден-соолугуна пайдалуу болгондуктан илгери көп жасап ичишкен. Соңку кездери туристтер үчүн көп жасамай болдук, абдан жакшы көрүп ичишет. Мурда тескей жакка анча турист келчү эмес эле, азыр көп келүүдө. Суроо-талапка жараша биз дагы улуттук тамак-аштарды көп даярдап калдык", - дейт Тоң айылынын тургуну Жыпара.

Image caption Боорсок, курма чай, палоо, бешбармак сыяктуу тамактардын мастер-классы.

Кыргызстанда жайкы туризмдин негизги очогу катары Ысык-Көлдүн Бозтери, Чолпон-Ата сыяктуу жерлери, башкача айтканда, көлдүн күңгөй тарабы эсептелип, жылына чоң суммадагы киреше булагына айланат. Ал жерлерде заманбап стилде жасалган мейманканалар оголе көп.

Бирок соңку кездери чет өлкөдөн келген туристтер көбүрөөк тескей жээкке ыктай баштагыны айтылууда. Ага негизги себеп, улуттук баалуулуктардын көбүрөөк сакталып калганы дейт Бөкөнбаев айылынын тургуну Лена:

"Көлдүн түштүк жагы "кол тийиле элек" жаратылыш катары бааланууда. Бизге келген туристтер сууда эле эмес, табиятта да эс алып кетет. Акыркы эки-үч жылда туристтер абдан коп келип жатканын ойлонбой туруп айта алам. Аны мен өзүм жасап саткан шырдактардан деле билем. Улам жасайм, улам сатылат. Туристтер кыргыз шырдагынын үстүнө уктаганды жактырат, йога жасашат".

Image caption Туристтердин көбү боз үй ичинде уктоону жактырышат.

"Тескей жээк"- туристтер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк

Буга дагы бир далил, ушул күндөрү Ысык-Көлдүн түштүк тарабында "Тескей жээк" этнофестивалы өтүп, ага үч жүздөй турист катышты. Улуттук тамак-аш, каада-салт жана оюндар менен коштолгон бул иш-чарага отузга жакын өлкөдөн туристтер келип, көпчүлүгү интернет аркылуу тынымсыз сүрөт жарыялап жатты. Алардын бири америкадан келген блоггер Мэтью Лонг:

"Мен таң калып бүтө албай жатам. Бир жагыңды карасаң тоо, бир жагыңда көл, жуткан абаң таза. Ушундай кооз жаратылыш болобу? Боз үйдүн жанына барып аябай кунт коюп карадым, башкача үй экен. Бүгүн кечинде анын ичинде уктоону пландап жатам. Сезимдерим менен бөлүшөм. Баса, бул жакта көргөн бардык өзгөчөлүктөрдү блоггер катары улам интернетке жазып жатам, окурманым көп. Бул Кыргызстанга башка туристтердин да кызыгуусун арттырат деп ишенем. Бул сыяктуу фестивалга дагы бир жолу катышууну эңсейм".

Image caption "Тескей жээк" этнофестивалына ар түркүн улуттуу үч жүздөй турист катышты.

Байкоочулардын айтымында, Кыргызстанга көбүрөөк турист тартуу үчүн ар кандай багыттагы иш-чараларды улам өткөрүп туруу керек. Маселен, "Тескей жээк" этнофесивалы туристтерди гана эмес, жергиликтүүлөргө да улукттук маданиятты эскертти дейт уюштуруучулардын бири Төлөсүн Бектемиров:

"Бир күн ичинде кыргызга тиешелүү бүт өзгөчөлүктөрдү көрүп-билүү туристтер үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Фестиваль учурунда бир эле жерден салтты да, тамакты да, оюндарын да көрүп, кааласа өздөрү кошо катышса болот. Туристтер жөн эле сууга түшкөнү келбейт да, бир учурда маданиятты да тааныгысы келет. Маданият министрлиги жана Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси мындай иш-чараларды дагы уюштурат деп күтөбүз".

Image caption Кыргыздын улуттук оюндарынан көз ирмем.

Ошентип учурда көлдүн түндүгүнө жарыша түштүк жээги да чет өлкөлүк туристтерди тынымсыз кабыл алууда. Расмий эсеп боюнча, былтыр Ысык-Көлгө 900 миңдей турист келген болсо, быйыл бул сан бир топко өсөт деп ишенип турат жергиликтүүлөр.

Тектеш темалар