Эне жана баланын ден соолугун эл аралык эксперттер Бишкекте талкуулайт

2016-жылдын биринчи жарымында 100 миң төрөткө 35,9 эне өлүмү туура келсе, быйыл ал 30га түштү
Image caption 2016-жылдын биринчи жарымында 100 миң төрөткө 35,9 эне өлүмү туура келсе, быйыл ал 30га түштү

Эне жана баланы коргоо боюнча Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн эл аралык симпозиуму биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатат. Ага педиатрлардын дүйнөлүк ассоциациясынын президенти, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери келди.

20-майда өтө турган эл аралык симпозиумда эненин жана баланын өлүмүн кыскартуу боюнча Кыргызстандын потенциалы өңдүү маселелер талкууланмакчы. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Саламаттык сактоо министрлигине караган Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

Кыргызстан балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча “Миң жылдыктын максаттарын” аткарды. Бирок адистер дагы азайтуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып келишет. Ал эми энелердин өлүмүн кыскартуу боюнча Кыргызстан чоң секирик көрсөтө элек, дүйнөдөгү төмөндөө тенденциясы менен катар ал Кыргызстанда да жылдан жылга азайып келатат.

2016-жылдын биринчи жарымында балдардын өлүмү 1357 болсо, 2017-жылдын ушул мөөнөтүндө 1164 деп катталып, 11 пайыздан ашыгыраак жылыш болгон.

Быйыл жарым жылда 22 эне төрөттөн каза болсо, былтыры жарым жылда ал 27 болчу.

Эл аралык талкууга ЮНИСЕФ, Ага Хан өнүктүрүү тармагы, Балдардын ден соолугун коргоо коалициясы өңдүү жана башка уюмдардын адистери катышат. (АК)

Тектеш темалар