"Ата Журттан" президенттикке экөө аттанды

Президенттик шайлоого "Ата Журт" партиясы бир эмес, эки талапкер жылдырат Сүрөттүн автордук укугу Samat Jumakadyrov
Image caption Президенттик шайлоого "Ата Журт" партиясы бир эмес, эки талапкер жылдырат

Президенттик шайлоого "Ата Журт" партиясы бир эмес, эки талапкер жылдырат. Партия лидерлери шайлоо алдындагы бийлик тараптан жасалчу бардык болжолдуу сценарийлерди эске алып, ушундай чечим кабыл алынганын билдиришти.

Саясий уюмдан президенттикке мурда соттолуп, бирок анысы жоюлган Камчыбек Ташиев жана соттуулугу быйыл 8-ноябрда гана жоюла турган Акматбек Келдибеков көрсөтүлдү.

Келдибек & Ташиев тандеми

"Ата Журт" партиясынын XI курултайында Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков жана парламенттин экс-депутаты Камчыбек Ташиев президенттикке кош талапкер катары көрсөтүлүштү.

"Бизди куугунтукка алгандар биздин саясий жолубузда чоң мугалим болуп беришкенин сезишкен жок. Ошондуктан келечекке карай кадам таштаганда бардык болжолдуу сценарийлерди эске алышыбыз керек. Бул ирээт каршыгып турган күчтөрдүн эмес, өзүбүздүн сценарий менен күрөшүүнү чечтик. Президенттик шайлоого "Ата Журт" партиясы бир эмес, эки талапкер жылдырат. Бул эртеңки арам оюндарга карата биздин камсыздандыруучу иш-чарабыз",- деди Камчыбек Ташиев.

Ташиев курултайда 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата Журт" биринчи орунду ээлеп, негизги олуттуу саясий күч экенин далилдеген, бирок ошондон баштап партияга чабуулдар башталды деди.

"Нариман Түлеев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Акматбек Келдибеков жана мен адилетсиздиктин курмандыгы болуп камалдык. Бир топ партиябыздын алдыңкы активисттери качууга аргасыз болушту. Кыскасы, бизди партияны туш-туштан алсыратып, чачыратып жок кылууга бүт аракеттерин жумшашты. Бир чети алардын бул планы ишке ашты. Бирок биздин эркибизди, саясий позициябызды, сындыра алышкан жок. Биз чындык үчүн күрөшүүдөн эч качан баш тартпайбыз",- деди "Ата Журт" лидери.

Атажуртчуларга болгон бул куугунтуктар, пикиринде, алардын "бийликте коррупция, мародерчулук күчөп кеткенин бетке айткан позициясы үчүн, 2010-жылдагы түштүк коогалыңынын чыгышы үчүн күнөөкөрлөрдү тез арада жазалоо талабын билдиргени жана Кумтөр сыяктуу эң чоң эл ырыскысын элге кайтаруу керектигин айтып чыкканы" үчүн орун алды.

"Ата Журт" Конституциялык реформа үчүн

Партия курултайында талапкер катары биринчи чыгып сөз алган Акматбек Келдибеков шайлоо алдындагы партиянын платформасын учкай тааныштырып өттү.

Мурунку Жогорку Кеңеш төрагасы 2010-жылы парламенттик башкарууга караган Баш мыйзам кабыл алынганы менен, ал Кыргызстанда иштебегенин белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Келдибеков: "Соттолгон" деген сөздү алдырып салуунун мыйзамдуу жолдору бар

"Кыргызстанда өткөн алты жылда эң түпкүлүктүү тагдыр чечүүчү маселелерди гана эмес, кадыресе эле майда-чүйдө иштерге чейин президент чечип башкарып жатты. Кыскасы өткөн алты жылда президенттик-парламенттик система иштеди. Ошондуктан биз өлкөнүн бардык багытта жана туруктуу өнүгүүсүн шарттоочу толук кандуу форматта Конситуциялык реформа жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз. Биз чыныгы элдик бийликке жол ачкан Конституциянын жаңы долбоорун элибизге сунуш кылабыз",- деди Келдибеков.

Ошондой эле "Ата Журт" курултайында парламенттик шайлоо системасын өзгөртүү зарылдыгы айтылды. Кийинки 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоолорду жалаң гана партиялык тизме менен эмес, жарым-жартылай пропорционадык-мажоритардык жол менен өткөрүү сунушталды.

"Ата Журт" талапкери эгер шайлоодо утушка ээ болушса, сырткы саясатта баары менен жакшы алака түзүүгө аракет кылышарын, бирок Орусия менен өнөктөштүк өзгөчө болорун белгиледи.

Келдибеков курултайдагы риторикасында 2011-жылы парламент спикерлигинен отставкага кетүүсүнө да кайрылгандай болду.

"Мамлекет башчысы менен айрым депутаттардын же парламенттеги фракция лидеринин ортосундагы жашыруун бүтүм аркылуу улам бир өкмөттү, саясий тар кызыкчылык үчүн Жогорку Кеңештин жетекчисин жең ичинен отставкага кетирүү өнөкөт болуп калды. Ал кызматтарга өз адамдарын коюп, өлкөнүн толук кандуу кожоюнуна айланды. Эгерде кимдир бирөө муну саясий күрөш деп эсептесе ал жаңылышат, бул-ыймансыздык", -деди Акматбек Келдибеков.

Бир аз тарыхка кайрылсак: 2010-жылы 10-октябрда Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп, бирок жыйынтык Убактылуу өкмөт мүчөлөрү үчүн күтүүсүз чыккан.

КСДП, "Ата Мекен" азчылыкта калып, Бакиев тушунда бийлик менен кызматташып келген "Ата Журт", "Республика", "Ар Намыс" Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзүп, Акматбек Келдибеков спикер болуп, бирок бир жылдан кийин 2011-жылдын 12-декабрында отставкага кеткенге мажбур болгон эле.

Буга чейинки маектеринин биринде"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин контрреволюциялык кырдаалы түзүлгөнүн белгилеген. Бул себептүү ал Атамбаевдин бийлигин чыңдоо үчүн көмөктөшкөнүн, бул максатта өкмөттөрдү алмаштыруу үчүн саясий маневрларга барганын да мойнуна алганы бар.

"Ата Журттун" эки талапкери тең соттолгон

Мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда соттолгон жаран толук акталмайынча, шайлоого катыша албайт.

Парламенттин экс-депутаты, Социалдык фонддун мурдагы башчысы Акматбек Келдибеков коррупция үчүн соттолуп, мамлекетке айып пул да төлөгөн. 13-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирүү таратып, анда Келдибековдун буга чейинки соттолгону эскертилген.

Эске салсак, Бишкек шаардык сотунун чечими менен Келдибековго 10 миллион сом өлчөмүндө айып салынган. Бул өкүм Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен күчүндө калтырылган. Ал эми айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүткөн.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат.

Ошентсе да Акматбек Келдибеков бүгүн курултайда Баш мыйзамга таянып, президенттикке бара аларын баса белгиледи.

"Бул Конституция боюнча Кыргызстандын жараны катары менин да президенттик шайлоого катышуу толук укугум бар. Ал 62-беренеде кашкайып жазылып турат",- деди Келдибеков.

Ташиев дагы буга чейин соттолгон, бирок ал Келдибековго салыштырмалуу шайлоого чейин соттуулугу жоюлган талапкер болууда.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption 2012-жылы күзүндө Бишкекте Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин Камчыбек Ташиев камакка алынып, соттолгон

2012-жылы күзүндө Бишкекте Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты Камчыбек Ташиев , Талант Мамытов жана Садыр Жапаров камакка алынып, соттолгон.

Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосун ашып өтөм деп, камакка алынгандарга мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет кылган деген айып тагылган.

Үч депутат УКМК тергөө абагында сегиз айдан ашуун отурушуп, иш Жогорку Сотко чейин жетип, 2013-жылы августта "атажуртчу" депутаттар 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок тергөө абагында отурганда жаза мөөнөтү өтөлүп бүттү деп эсептелип эркиндикке чыгарылган эле.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар