Гуглдун "акылдуу" көз айнектери жаңыланды. Эмне өзгөрдү?

Гуглдун "акылдыуу" көз айнектери Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Гуглдун "акылдыуу" көз айнектери

Google компаниясы эки жыл мурун сатыгын токтоткон өзгөчө көз айнектеринин жакшыртылган түрүн кайрадан чыгаруу ниетинде. Бул "укмуштуу" көз айнектер ишкердик үчүн гана чыгарылат.

Компания көз айнектин Glass Enterprise Edition деген аталыштагы жаңы түрүнүн батарейкасы көпкө жетээрин жана узак убакыт тагынууга ыңгайлуу экенин билдирди.

Көптөр компаниянын аткаруучу директору Тони Фаделла кызматынан кеткенден кийин "акылдуу" көз айнек долбоору толук токтойт деп болжошкон.

Бирок компания бул технологияны өнүктүрүүнүн үстүндө ишин улантып жатканын билдирүүдө.

Google бул типтеги көз айнектерин ар биринин баасын 1200 еврого баалаган.

Көз айнектин жаңыртылган жактары

- Mурдагыдан бир топ жакшыртылган процессор

- Камеранын кубаты 8 мегапиксел. Эски үлгүнүкү 5 мегапиксел болгон

- Камеранын баскычы эки функцияны аткарат. Ал камераны көз айнектин өзүнөн алыстатып жылдырат. Андан сырткары аны кадимки же коргоочу көз айнек кылып өзгөртөт

- Аккумуляторунун кубаты кадимки режимде турса 8 саатка жетет. Эски үлгүдө ал 5 саатка жеткен

- Wi-fiга кошулуу ыңгайлуу жана машакатсыз

Тектеш темалар