Шайлоочулар тизмеси такталууда

Каттоо кызматы шайлоочулардын алдын ала тизмесин 5-августта Боршайкомго тапшырат.
Image caption Каттоо кызматы шайлоочулардын алдын ала тизмесин 5-августта Боршайкомго тапшырат.

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын алдын ала тизмесин 5-августта Боршайкомго тапшырат. 15-октябрда өтө турган шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар кое берилбейт. Шайлоочулардын өздүгүн тактоо боюнча Каттоо кызматы жаңы жабдыктарды ишке киргизгени жатат.

Шайлоочулар тизмесинен өзүңдү такта

“Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамына киргизилген соңку өзгөртүүлөргө ылайык шайлоочулар тизмесин даярдоо мөөнөтү өзгөртүлгөн. Бул туууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев өкмөт үйүндө шайлоого карата даярдыктар тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

“Жаңы мыйзам боюнча шайлоо күнүнө 70 күн калганда Каттоо кызматына Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи тизмени берет. Ал тизмелер 15 күн ичинде тиешелүү шайлоо участкаларына илиниши керек. Ошол күндөн баштап шайлоочулар участкаларга барып өздөрүн тактаса болот”,- деди Догоев.

Өзүн шайлоочулар тизмесинен басып барып тактай албаган жарандар онлайн түрүндө (shailoo.srs.kg) же Каттоо кызматынын бирдиктүү call борбору аркылуу териштирип алса болот.

Шайлоого 20 күн калганда Каттоо кызматы такталган маалыматтарды эске алуу менен Борбордук шайло комиссиясына шайлоочулардын контролдук тизмесин тапшырат.

1-октябрда шайлоочулар тизмесине байланыштуу арыздарды кабыл алуу токтойт.

Шайлоочулардын өздүгүн reader текшерет

Шайлоочуларды идентификация системасын жакшыртуу максатында келе жаткан шайлоодо жаңы жабдыктар ишке киргизилет.

“Идентификация үчүн атайын жабдыктар колдонулат.Бул жабдыкты шайлоодон кийин дагы кызмат көрсөтүүдө колдонсо болот. Жабдык (reader) идентификациялык картадан маалыматты электрондук форматта окууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары контакт кылбай туруп жабдыктын модулу менен да маалыматты окуса болот”,- деди Каттоо кызматынын жетекчиси.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Догоев: Идентификация үчүн атайын жабдыктар колдонулат.

Догоев быйыл 28-майда өткөн жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордо кеткен катаачылыктарды анализделип, аларды жокко чыгаруу боюнча Каттоо кызматы аракеттер көрүп жатканын белгиледи.

Биометрика тапшырбагандар шайлоого кое берилбейт

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы бүгүн маалымат жыйынында шайлоочулар арасында биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр тизмеге илинбей жана добуш берүүгө кое берилбейт деди.

“Шайлоочунун колунда 2004-жылкы же 2017-жылкы үлгүдөгү ID карта болсо же жалпы жарандык паспорту болсо, анда ал шайлоочулар тизмесине кирет. Бул документтер менен идентификациядан да өтүшөт. Бир гана негизги талап – бул биометрикадан өтүш керек. Биометрикалык каттоодон өтө электер биздин тиешелүү жер-жерлерде жайгашкан органдарга кайрылгыла. Ошонун негизинде гана тизмеге киргизе алабыз”,- деди Дастан Догоев.

Image caption 1994-жылкы эски үлгудөгү паспортту жарандар дагы шайлоого катыша албайт.

1994-жылкы эски үлгүдөгү паспорт менен жүргөн жарандар дагы шайлоого катыша албайт. Учурда мындай паспорт ээлеринин саны 1 миңге жакын. Каттоо кызматы эски паспорт ээлеринен башкы документин тез арада алмаштырууну суранды.

БШКга шайлоочулардын такталган эң соңку тизмеси мыйзамдарга ылайык 5-октябрда тапшырылат.

Бүгүнкү күнү шайлоочулар тизмеси базасында 2 миллиона 893 миң 453 жаран бар.

Тектеш темалар