Курулуштагы окуя боюнча иликтөө жүрүүдө

Курулуш иштериндеги коопсуздук эрежелери, анда каза тапкандар маселеси Кыргызстанда көйгөй экени баарына маалым
Image caption Курулуш иштериндеги коопсуздук эрежелери, анда каза тапкандар маселеси Кыргызстанда көйгөй экени баарына маалым

Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн эки куруучу кулап, анын бирөөсү окуя болгон жерде жан берди. Муну Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктап, учурда тергөө иштери башталганын билдирүүдө.

Экинчисинин абалы оор деп Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты:

“Бригада барган учурда биринчиси каза болуп калган экен. Экинчиси учурда Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган. Колу-бутунан да жаракат алган”.

Бул окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жүрүүдө. Үйдөн кулап кеткендер коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп, окуяга күбө болгондордун айткандарын жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Бишкек милициясы дагы кырсыктын болгонун тастыктап, аларга чалуу түшкү саат он эки-бирлер арасында түшкөнүн кабарлады.

Курулуш иштериндеги коопсуздук эрежелери, анда каза тапкандар маселеси Кыргызстанда көйгөй экени баарына маалым. Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору жумуш учурунда, транспорттон же турмуштук шартта каза болгондор совет мезгилине караганда аз болуп калганын, бирок чоң шаарларда курулуш жандана баштагандан бери бул талылуу маселе бойдон калганын айтып келүүдө.