Алтай таануу боюнча эл аралык форум өтүүдө

Алтай элдеринин тарыхын, байланышын, маданиятын жана тилин изилдеген илимий иш чаралар көптөгөн өлкөлөрдө өтүп келет Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Алтай элдеринин тарыхын, байланышын, маданиятын жана тилин изилдеген илимий иш чаралар көптөгөн өлкөлөрдө өтүп келет

Кыргыз президентинин демилгеси менен уюштурулуп жаткан эл аралык форумдун ачылышы 20-июлда Бишкекте, андан ары Чолпон-Ата шаарында уланмакчы. Форумдун ачылышы “Ала-Арча” резиденциясында өтүүдө.

Аны Алмазбек Атамбаев ачып, Башкыртыстандын президенти Рустэм Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Мамлекеттик Думанын депутаты Иван Белеков жана башкалар чыгып сүйлөдү.

Форумдун уюштуруучуларынын бири “Мурас” коомдук фонду.

Image caption Форумдун ачылышы “Ала-Арча” резиденциясында өтүүдө

Андан сырткары көптөгөн жергиликтүү жана чет жерден келген илимпоздор, этнографтар, тарыхчылар, тилчилер жана башка окумуштуулар катышууда. Алардын арасында белгилүү окумуштуулардан орусиялык Виктор Бутанаев, казакстандык Ерден Кажыбек, орусиялык Анна Дыбо жана башкалар бар.

Форум 21-июлда Чолпон-Атада уланып, “Көчмөн цивилизациясынын борбору” ачылат.

Окумуштуулар “Жаңы алтаистика: методология, теориялар жана ыкмалар”, “Тарых, археология, этнография” жана “Лингвистика” деген үч секцияда иш алып барышат.

22-июлда ушул эле шаарда жалпы тегерек үстөл өтөт. Эл аралык форумдун жыйынтыгы менен декларация кабыл алынат.

Алтай элдеринин тилин, маданиятын, тарыхын изилдөөгө арналган илимий иш чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Ал дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өтүп келген. (AK\ErA)