Шайлоо: Талапкерлер камылгалары, БШК даярдыгы

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Президенттик шайлоого баруу ниетин билдирип БШКга дагы эки киши: "Улуу чындык” коомдук фондусунун төрагасы Токтобүбү Таласбаева жана “Дос Береке-1”жоопкерчилиги чектелген ишканасынын консультанты Дамира Токтосунова арыздарын берип, талапкерлер саны 32 чыкты.

Ал арада талапкерлердин кыргыз тилин билүүсү боюнча тестирлөө графиги аныкталды. Шайлоо фонддору ачылып, айрым талапкерлер кол топтоо баракчаларын Боршайкомго тапшыра башташты.

Талапкер сынактан сынбайсыңбы?

26-июлдан тарта президенттикке талапкерлер мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сынак тапшыра баштайт. Бул жолу сынак “Кыргызтест” системасы аркылуу өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, 25-июлда талапкерлерге “Кыргызтест” программасы менен тааныштыруу жүрөт.

“Талапкерлер арыз менен кайрылып, жылдырылган күнүнө карата төрттөн кылып графикке киргизилди. Сынак бекитилген жобого ылайык төрт субтесттен турат. Графиктин негизинде сынак өткөн күндүн кечинде эле сертификат талапкерлерге же анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ыйгарыла турган болду”,- деди БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Ал кошумчалагандай тестирлөө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратында өтөт.

Буга чейинки шайлоолордо кыргыз тил боюнча талапкерлер үчүн сынакта үч тапшырма аткарышчу: жарым саат ичи шайлоо программасын кыргыз тилинде жазып, андан соң ал тууралуу оозеки айтып беришип жана көркөм окуу боюнча тескөөдөн өтүп келген.

2011-жылы мамлекеттик тилди канаттандыраарлык билбегендиги үчүн жарыштан четтетилген талапкерлер да болгон.

Сегиз гана талапкер шайлоо фондун түздү

Шайлоо мыйзамдарына ылайык президентикке талапкер БШКга арызын бергенден кийин 5 күндүн ичинде шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзүшү керек. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиришкендей бүгүнкү күнгө жалпы талапкерлер ичинен сегизи гана шайлоо фондун түзүп, ага акча которо баштады.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бекматов: 25-июлда талапкерлерди “Кыргызтест” менен тааныштыруу жүрөт

“Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов 12 миллион сом, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев шайлоо фондуна 3 миллион сом которду. Талапкер Арстан Абдылдаев 245 миң сом, Таалатбек Масадыков 130 миң сом, Кубан Чороев 65 миң сомдон ашуун, Камила Шаршекеева 40 миң сом, Рита Карасартова 35 миң сомдон которгон. Мындан сырткары Замира Муратбекованын шайлоо фондунда 391 сом бар”,- деди БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов 19-июлдагы жыйында.

Эскертсек, шайлоо фондун түзүүдө талапкердин өз каражаттары 15 миллион сомдон ашпоого тийиш. Ал эми талапкерге саясий партиядан бөлүнгөн каражаттар 50 миллион, жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрү ар бириники 50 миллион сомдон ашпоосу керек.

Талапкерлерден Сариев кол тамгаларын биринчи тапшырды

“Ак шумкар” партиясынан президенттикке көрсөтүлгөн Темир Сариев өзүн колдогон 60 миңден ашуун адамдын колун Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды.

“Кол тамгалардын бир нече таңгагы БШК мүчөлөрүнө тапшырылды. Мыйзам боюнча 30 миңден кем эмес кыргызстандыктардын колун топтоо керек эле. Сариев ал талапты аткарды”, -деди талапкердин басма сөз кызматкери Назира Ахмедова.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Талапкерлерден Сариев кол тамгаларын биринчи тапшырды

Буга чейин Боршайком талапкерлерге 40 миңден ашык эмес кол топтоо тууралуу чектөөлөр киргизүүгө аракет кылган. 15-июндагы БШК жыйынында комиссия төрайымы Нуржан Шайлдабекова буга чейинки шайлоодо эң көп кол топтогон талапкердин кагаздарын текшереге келгенде 60%ы жасалма экени аныкталганын айткан. Ал колтамга баракчаларын текшерүүгө мыйзам боюнча 10 эле күн каралгандыктан убакытты үнөмдүү үчүн чектөөлөргө баруу негиздүү деген.

Бирок кол топтоого байланыштуу БШКнын бул көрсөтмөсү жарандын коомдун сынына кабылып, ал сунуш мүнөзүнө өткөн.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленип, ага талапкерлерди каттоо 1-августта жыйынтыкталат.

БШК шайлоого карата бүгүнкү күнү 2 миң 300 добуш берүү участкалары түзүлгөнүн билдирет.

Тектеш темалар