Нарында Ачык билим берүү жайкы лагери өтүүдө

“Ачык билим жайкы лагери-2017” иш-чарасы учурунда.
Image caption “Ачык билим жайкы лагери-2017” иш-чарасы учурунда.

Нарындагы Борбордук Азия университетинде “Ачык билим жайкы лагери-2017” иш-чарасы өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, бул лагерь Кыргызстандагы ачык билим булактарын жайылтууга багытталган.

Жайкы эс алуу программасынын алкагында “Таш Рабат” архитектуралык эстелигинде смартфондор аркылуу ылдам маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзгөн маалыматтык такта орнотулат.

“Иш-чара үч күнгө созулат. Арабызда атайын чакырылган коноктор бар. Алардын ичинде ачык билим берүү боюнча алдыга озгон Австралиянын, Польшанын эксперттери келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Бул багытта иштеген кыргызстандыктар үчүн жакшы аянтча түзүлдү. Буюрса жылдын аягына чейин Бишкекте дагы жолугушуу болуп, тренингдерди өткөрүү пландалып жатат”, - деди Би-Би-Сиге Биздин мурас" фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек.