Айрым импортчулар бажы төлөмдөрү ыксыз жогорулады дешүүдө

Айрым импортчулар бажы төлөмдөрү ыксыз жогорулады дешүүдө
Image caption Айрым импортчулар бажы төлөмдөрү ыксыз жогорулады дешүүдө

Айрым импортчулар Кыргызстанга келген товарларынны бажы төлөмүн төлөй албай жатат. Алардын айтымдарында, Аламүдүн станциясында 50 чамалуу контейнер чыкпай турат.

Ишкерлер мурда бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн биринчи ыкмасы менен төлөшчү. Ага ылайык товардын түрүнө жараша 5 пайыздан 25 пайызга чейин бажы төлөмү жана 12 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөп келишсе, Азыр аларга алтынчы ыкма менен эсептеп жатышат. Ал бир топ кымбат. Жеке ишкер Рустам Мамбаев конкуренцияга туруштук бере албай калабыз дейт.

“Биз эмне үчүн алтынчы ыкма менен төлөп калганыбызды билбейбиз. Азыр текшерүү катуу жүрүп жатат. Алтынчы ыкма менен дары-дармек, маңзаттар же башка шектүү товарларга же документи жокторго төлөтүшөт. Мен тигүү тармагы үчүн сырье ташыйм. Бир контейнер товарды 80 миң доллар деп эсептесек, мурда, беш миң доллар төлөсөк, азыр 15 миңге чейин чыгып кетет. Аны төлөй албай, товарларыбыз чыкпай турат”, - деди Би-Би-Сиге Мамбаев.

Бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн алты ыкмасы бар. Бул ишкерлердики мурда биринчи ыкма менен эсептелчү, ал эми алтынчы ыкма эң кымбат жана ал товарлардын документи жок, эмнеси кайдан экени белгисиз болгондо колдонулат.

Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов товарлары туруп калган ишкерлердин документинде бир мүчүлүштүк бар деп ишенет.

“Биз мамлекеттин бюджетин толтуруучу орган катары ар бир товарды тыкыр карашыбыз керек. Бул арызданган жарандардын бизге алып келиш керек болгон документтеринин бирөөсү кем чыгат. Бизге товарларды канчадан сатып алганы, кантип жеткиргени тууралуу документтерди беришет. Өзүбүздө да Кытай товарларынын орточо баасы бар. Алар болсо андан да арзан кылып көрсөтүп жаткандыктан, биз алтынчы ыкма менен бажы төлөмдөрүн эсептегенге аргасызбыз”, - деди Мүсүрканов. (АК)