Ысык-Көлдө “Көчмөн цивилизациясынын борбору” ачылды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“Алтай конушу” көргөзмөсү

“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форумунун экинчи күнү Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында уланууда. Ал жерде алтай тектүү элдердин жашоосун чагылдырган көчмөндөрдүн жандуу музейи ачылды.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, “Алтай конушу” көчмөн маданиятын чагылдырган ордо болорун баса белгиледи.

Image caption Чоң-Сары-Ой айылындагы көргөзмөнүн ачылуу аземи

Форумдун алкагында окумуштуулар “Жаңы алтаистика: методология, теориялар жана ыкмалар”, “Тарых, археология, этнография” жана “Лингвистика” деген үч секцияда иш алып барышат.

Кыргыз президентинин демилгеси менен уюштурулуп жаткан эл аралык форум алтай элдеринин тилин, маданиятын, тарыхын изилдөөгө арналган.

22-июлда ушул эле шаарда жалпы тегерек үстөл өтөт. Эл аралык форумдун жыйынтыгы менен декларация кабыл алынат.

Тектеш темалар