Жалал-Абаддык журналисттин Мирзиёевге ачык каты талкуу жаратты

Жалал-Абаддык журналисттин Мирзеевге ачык каты талкуу жаратты Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Жалал-Абаддык журналисттин Мирзиёевге ачык каты талкуу жаратты

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдогон Жалал-Абад тургуну Раънохан Мамитова анын өзбек тилиндеги кайрылуусу кыргыз жана орус тилдеринде бурмаланып ММКда таркатылганына наарызычылыгын билдирүүдө. “Бегайым” коомдук-адабий фондунун төрайымы бүгүн тийиштүү кызматтарга чакырылып, түшүндүрмө берүүгө аргасыз болду.

“Бегайым” коомдук-адабий фондунун төрайымы Раънохан Мамитова 19-июлда Фейсбук баракчасы аркылуу өзбек тилинде президент Мирзиёевге ачык кат жолдогон. Бир аз өтпөй анын бул постунун негизинде Кыргызстандагы этникалык өзбектер колдоо сурап жатат таризинда кыргыз жана орус тилдеринде жаңылыктар тараган.

“Каттын мазмунун бурмалап, саясатташтырып мени капкара кылып, баягы улуттар ортосундагы чыр-чатаккка себепчи журналистей кылып коюшту. Алиги котормону, эгер журналист тилди түшүнбөсө жазбашы керек эле. Тилди билип анан котормочулукка көнүгүш керек”, -деди Мамитова.

“Бегайым” коомдук-адабий фондунун төрайымы посттун негизинде бүгүн тийиштүү кызматтарда болуп, түшүндүрмө бергенин да ачыктай кетти.

Мамитова ачык катта негизинен сөз балдар адабияты тууралуу гана болгонун, Кыргызстандагы өзбек тектүү калктын жалпы агартуучулугу тууралуу маселе көтөрүлбөгөнүн кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Мамитова ачык катта негизинен сөз балдар адабияты тууралуу гана болгонун айтууда.

Айтымында учурда жалпы республикалык тестирлөө мамлекеттик жана расмий тилдеринде гана өткөрүлгөндүктөн, “өзбек мектептеринин окуучулары үчүн да өзбек тили жана адабияттан тышкары башка предметтеги китептер кыргызча таркатылып атат”.

“Тил билген жакшы, бирок өзүнүн эне тилин толугураак билбеген бала Чыңгыз Айматовдун тили менен айтканда маңкурт да. Өзүнүн эне тилин биринчи билип үйрөнсүн. Кийин башка тилдерди үйрөнсүн. Адабият, маданият тил тандабайт. Биз Хемингуэйди, Джек Лондонду, Чыңгыз Айтматовду окуйбуз. Ошондой эле өзбек тилиндеги Навои, Бабурларды окуйбуз”, -деди Мамитова.

Ал социалдык баракчада жарыяланган анын ачык катынын негизинде жазылган жаңылыктар боюнча түшүндүрмө маалымат жыйынын уюштурууга белсенүүдө.

“Мамлекетибизди жамандагандай мааниде материалдар кетип калган да. Ушул жерде жашап, суусун ичип, бала-чака багып жүргөндөн кийин Кыргызстан менин мекеним. Андыктан аны жамандай албайм”,- деп сөзун жыйынтыктады “Бегайым” коомдук-адабий фондунун төрайымы Раънохан Мамитова. (ES)