Журналист ашкере динчилдердин бутасына алынды

Журналист ашкере динчилдердин бутасына алындыбы? Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Журналист ашкере динчилдердин бутасына алындыбы?

Журналист, жазуучу Олжобай Шакир анын башы үчүн социалдык желелерде радикал динчилдер акча сайганын айтууда. Коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган журналист УКМКга кайрылуу жолдоду. Буга чейин ал белгилүү диний аалымдар дарегине сын айтып, коомдун ашкере диндешип бара жатканы тууралуу макала жана маектер сериясын жарыялаган.

Фейсбуктагы коркутуу

Журналист Фейсбук социалдык желесинде Нурмухаммед Чомоев аттуу колдоонучу “Ким Олжобай Шакирдин башын кесип келип берсе, Алланы ыразычылыгы үчүн 2 миң 500 доллар беремин, личкама жазгыла сүйлөшөбүз” деп жазганын айтууда.

Дагы бир Самат Жалилов аттуу жаран “башыңарды кесип алып келишет бизге башкесерлер. Башкесер эмес өзүбүз эле кесебиз террористтер кескендей” деп комментарий калтырган.

“Диний фанаттардын мындай билдирүүлөрүнөн улам үй-бүлөмдүн жана жеке өзүмдүн коопсуздугумду эске алып, мамлекеттик органдар бул боюнча милдеттүү аракеттерин көрүүгө тийиш”, - делет журналисттин президент, парламент спикер, өкмөт башчы жана УКМК дарегине жазган кайрылуусунда.

Ошентсе да журналист атайын кызматка бул тууралуу арыз менен расмий кайрыла элек.

“Мамлекеттик коопсуздук кызматы кандай реакция кылат ошол кызык болууда. Демейде саясий темада сөз болсо андып араң отурушат. Мындайга келгенде ыкшоолук кылышканын коомчулук көрсүн”,- деди Олжобай Шакир.

Сабатсыз адамдардын диндарлыгы кооптуу

Азырынча бул окуя боюнча атайын кызмат жана Кыргызстандагы Мусулмандардын диний башкармалыгы реакция жасай элек.

Журналисттин башы үчүн акча сайган Нурмухаммед Чомоев анын Фейсбуктагы жеке баракчасында көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча англис тил мугалими болуп иштейт, Ош мамлекеттик университетинде жогорку билим алган. Түз-Бел айылынынан, жашы 33.

Билим берүү жаатында адис Асылбек Жоданбеков Олжобай Шакирдин окуясы дин жаатында кооптуу жагдайлар түзүлүп атканына кабар берет деди.

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Жооданбеков: Сабатсыз адамдардын диндарлыгы кооптуу

“Агрессивдүү, одоно түрдө сабатсыздык жана караңгылык менен жанагындай нерсени социалдык желеде жарыялап жаткан адамды укук коргоо органдары сөзсүз түрдө жазалашы керек. Анын аркасында эмне турганын, ал адамдын баскан жолун териштириш керек”,- деди эксперт Асылбек Жооданбеков.

Педагог, болбосо, сабатсыз адамдардын диндарлыгы өлкө үчүн, эркин ой жүгүрткөн адамдар үчүн ушундай кооптуу болорун эскертти.

“Бизде азыр Кыргызстанды өнүктүрө турган тек гана жол ислам деп кабылдагандар бар. Алар көпчүлүк учурда мектептен же ЖОЖдордон жакшы билим ала алышкан эмес. Натыйжада алар баягы жакшы адам болуу үчүн, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн дин гана керек, дин гана куткарат. Андан башка жол эң туура эмес деп кабылдагандар бар. Мындай сабатсыз адамдардын динге ашыкча берилүүсү мамлекет үчүн да, коом үчүн да зыяндуу”, -деп кошумчалады Жооданбеков.

“Баатыр жокто майданга маскарапоз чыгат”

Олжобай Шакир буга чейин өзүнүн “РухЭш” сайтында Абдышүкүр Нарматов жана Чубак ажы Жалиловго сын айтып “Баатыр жокто майданга маскарапоз чыгат” аттуу макаласын жазып, белгилүү диний аалымдардын тарапкерлеринин катуу сынына калган. Жазуучу ал макаласында диний көсөмдөр агартуучулук менен эмес, динди жайылтуу менен көбүрөөк алек деп сындаган.

Мындан тышкары коом ашкере эле диндешип бара жатканы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияныны мурунку жетекчилери Орозбек Молдалиев жана Каныбек Осмоналиев менен маектер сериясын сунуштаган.

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Журналист анын башы үчүн социалдык желелерде радикал динчилдер акча сайганын айтууда

Эки же андан көп аял алуу боюнча көтөрүлүп жаткан демилгелерге курч посттор жазып, бул темада ММКда дебаттарга чыккан.

Шаар жергесинде мечитердеги азанды катуу жаңыртып алып чакырууга каршы пикирин билдирген.

Олжобай Шакир ошол элек убакта “Мусулман санаттары” деп исламдагы афоризмдердин жыйноо менен да алек.

“Мен эки жагын тең салмактап эле бергим келет, а бирок өзүмө терс жактарын ашкерелөө максатын койгом. Салттуу динди калыптандырыш үчүн булардан чочулап эмес, полемикага түшүш керек. А бирок ага жарабай эле жаматташып коркутуп-үркүткөнгө басым коюп атышпайбы”,- деди журналист.