Атамбаев жана экономикадагы создуккан ири долбоорлор

Президент Алмазбек Атамбаев ГЭСтерди курууга бел байлаган жаңы инвесторго ишенээрин айтты Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев ГЭСтерди курууга бел байлаган жаңы инвесторго ишенээрин айтты

Президент Алмазбек Атамбаевдин салттуу болуп калган жайкы маалымат жыйында ал бала тарбиялоо, алкоголь, дин, шайлоо, саясий атаандаштарынан тарта ири экономикалык долбоорлорго чейин токтолду. Атап айтканда Кумтөр, Мегаком, Кытай-Кыргызстан-Кытай темир жол долбоору жана ГЭС куруу өңдүү экономикалык маселелердин басымдуусуна көңүл бурду.

Чех компаниясы Кыргызстандын карызын төлөп берсе, ага ишеним артылат

Президенттик кызматында акыркы маалымат жыйыны болуп калышы мүмкүн деген Алмазбек Атамбаев жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадын курууга келишим түзгөн чехиялык Liglass Trading компаниясынан баштады. Анын тегерегиндеги сындарга байланыштуу августтун аягына чейин 37 миллион доллар "Гусгидрого" Кыргызстандын карызын төлөп берсе, алар олуттуу компания экенин далилдээрин, бербесе, башка инвестор издешээрин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Алмазбек Атамбаев экономикалык маанилүү долбоорлордун дээрлик баарына токтолду

Ал эми орусиялык компания менен келишимди бузуп абдан туура кылганбыз деди.

“Келишим абдан жакшы. Ал Кыргызстан үчүн ийгиликтүү. “Русгидро” менен келишимден алда канча жакшы. 4-августта Энергохолдингдин акционерлеринин жыйынында бул келишимди колдошсо, чехтер бир ай ичинде “Русгидронун” оозун жабыш үчүн 37 миллион доллар карызын төлөөгө милдеттүү болот”, - деди Атамбаев.

Чех компаниясы менен Бишкекте кол коюлган келишимдин чоо-жайы белгилүү эмес. Алар адегенде карызды дароо орус тарапка төлөшөт. Президенттин сөздөрүнөн орус тараптын шаштырып жатканы белгилүү болуп, чех инвосторунун пайда боло калганынын себеби да ачыкка чыккандай болду.

Жаңы инвестордун мурдагы инвесторго карызды төлөгөндөн кийинки милдеттерин экономист Жумакадыр Акенеевден сурадык.

“Булар адегенде жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадына кирген төрт ГЭСти курабыз дешти. Биринчи Ак-Булуңдан башташат. Нарын боюнча жалпы 20 ГЭС курууга мүмкүн болсо, алар онду салганы жатышат. Бирок эми ушундай эле төрт ГЭСти бүтүрөөрүн “Русгидро” да айткан”, - деди Акенеев Би-Би-Сиге.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу

Президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбооруна учкай токтолуп, “Кыргызстанда такыр токтобогон темир жол бизге кереги жок, Кытай да, Өзбекстандын жаңы президенти да бизди түшүндү” деди.

Акыркы 20 жылдан бери айтылып келген темир жол долбоору эки мамлекет жетекчилеринин жолугушууларында көтөрүлгөнү менен иш жүзүндө дайыны жок.

Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов 2017-жылдын март айында “Кыргыз темир жолу” ишканасы менен Кытайдын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясы кыргыз-кытай ишканасын түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Анын алкагында жумушчу топ түзүлүп, азыр бул ишкананы түзүү аракеттери жүрүүдө.

Досумбетов июлда Кытайдан изилдөөчү топ Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун маршрутунун варианттарын кароо үчүн талаа изилдөөсүн жүргүзгөнү келген деди.

Smart Business Solutions Central Asia консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мүсүралиев ал темир жол пайдасыз экенин айтууда. Ал темир жолдун кымбат экени, кеминде алты чек арадан өтүш керектиги, тоолуу аймактардан темир жол көп жүк ташып чыга албасын негиз келтирүүдө.

Ошентсе да Кытайдын бул долбоорго кызыгуусу жаралганы жөн жерден болбосо керек.

“Адашпасам 2011-жылы бул темир жолдун жарыяланган схемасы инвестицияга ресурсту аламашуу болчу. Анда Кытай бизге темир жолду, биз аларга кендерди бермекпиз. Эгер бул схема ишке ашса, курулган темир жол пайдалуу болобу, өзүн актайбы же актабайбы Кыргызстандын баш оорусу болмок”, - деген Марат Мүсүралиев Кытай балким темир жолу аркылуу Кыргызстанда буга чейин иштеткен кендерден кен байлыктарын ташып кетем деп ойлогон чыгаар дейт.

Ал Кытай алысты карап, күтүүгө даяр мамлекет экенин белгиледи, балким акыркы тынчуулар ага байланыштуу.

Ал эми Жумакадыр Акенеев темир жол долбоору боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп, эми Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлөрдүн да кызыкчылыгын эске алыш керек болот деди.

Кумтөр боюнча эмне жасалды?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Кумтөрдөн" жоголгон 171,5 миллион АКШ долларын ким төлөйт?

Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча мурдагы президент Аскар Акаев миң тонна алтынды сыртка берген деп күнөөлөдү. Ал үчүн колду койгон жаш адистер айыпталып, четте жүргөнүн белгилеп, алар келип ким кол койдурганын айтса, жардам бергиси келээрин билдирди.

Президенттик мөөнөтү бүтүп жаткан Атамбаев алты жылда ири алтын кени боюнча эмне жасаганын экономист, аналитик Жумакадыр Акенеевден сурадык:

“Чындыгында эч кандай иш бүткөн жок. 2010-жылы парламентке келген беш партия ушул маселени чечебиз деген, жылыш болгон жок. 2015-жылы келген партиялар милдеттенме алган, жети жолу өкмөт алмашты, эч нерсе чечилбеди. Бирок азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат дейт. Президент мөөнөтү аяктаганга чейин бир жагына чечип кетем деди, балким чечилип калаар”.

Президент көптөн бери кардар чыкпай келген “Мегаком” уюлдук операторун кардар канча сунуштаса, ошол баага сатылаарын, жеринде соодалашуу болоорун билдирди.

Ал эми Евразия экономикалык биримдик боюнча Орусиядагы кыргызстандыктарга абдан жакшы болуп жатканын айтып, биримдикке мүчө болуу утуш экени дагы он жылда көрүнөт деди Атамбаев.

Эксперттер экономикада жылыш жок деген менен президент өзү ал келгени көптөгөн ишканалар пайда болгонун айтып келет.

Тектеш темалар